14 августа 2015, 16:33

В.Диль: “Сүт өндүрүү, чогултуу жана кайра иштетүү жаатында мамлекеттик саясат иштеп чыгыш керек”

Сүт өндүрүү, чогултуу жана кайра иштетүү жаатында мамлекеттик саясат иштеп чыгуу зарыл. Бул тууралуу КРнын вице-премьер-министри Валерий Диль “Бишкексүт” ААКта өндүрүш менен таанышуунун жыйынтыгында билдирди деп кабарлайт Өкмөттүн басма сөз кызматы.

“Бүгүнкү күндө ишкана коюлган өндүрүштүк кубаттуулуктун 3/1 бөлүгүнө гана толтурулган. Бул көбүнчө сырьенун жетишсиздигине көз каранды, анткени жеке үйлөрдөн жана өтө чоң эмес дыйкан чарбаларынан өндүрүлгөн сүттөрдүн сапаты көбүнчө учурдагы талапка жана нормага жооп бербейт. Ишкана 1-сорттогу сүттү 27 сомдон алууга даяр, бирок өндүрүүчүлөр 3-сорттогу сүттү 21 сомдон сатышып, сапаттуу сүттү өндүрүүгө кызыкпай жатышат. Муну менен катар ортомчулар жергиликтүү тургундардан сүттү 13-14 сомдон сатып алып атышат”,-деди ал.

Вице-премьер-министрдин айтымында, КРнын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсү менен бизден өндүрүлгөн сүт жана сүт азыктарына болгон талап көтөрүлөт.

“Ушуну эске алуу менен рынокто талап кылынган көлөмдө сапаттуу сүттү алып чыга ала турган сүт-товар фермаларында жана айыл чарба кооперативдеринде майда чарбаларды бириктирүү процессине дем берүү менен сүт өндүрүү, чогултуу жана кайра иштетүү жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу зарыл. “Бишкексүт” ААКка байланыштуу ишканада ЕАЭБдин талаптарына жооп берүүчү продукцияларды чыгарууга жол ачкан заманбап техникалык жабдыктар орнотулган. Ошондуктан, бардык жарандарды табигый жана экологиялык таза сырьедон өндүрүлгөн ата мекендик өндүрүштүн азыктарын сатып алууга чакырам”,-деди В.Диль.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020