М.Эржигитов: Жол кырсыгына кабылган унаа Биринчи вице-премьер-министр Т.Сарпашевге таандык
Жол кырсыгына кабылган унаа Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин кызматтык унаасы. Унаа мындан бир ай мурда жол кырсыгына кабылган. Бул маалыматты "Кабарлар" маалымат агенттигине Сарпашевдин басма-сөз катчысы Мелис Эржигитов тастыктады. Анын айтымына караганда, кырсык болгон учурда биринчи-вице-премьер-министр автоунаанын ичинде жок болчу.
Маалыматка ылайык, кымбат баалуу кара түстөгү "Land Cruiser V8" унаасы 2015-жылдын, 14-июлунда Таш-Көмүр шаарында жол кырсыгына кабылган. Тайота Жалал-Абадка карай бара жаткан. Унааны калыбына келтирүүгө болбойт. Ал эми, айдоочу болсо, учурда ооруканада дарыланууда.