15 августа 2015, 10:09

Ош шаарында кошумча жети шайлоо участкасы ачылат

Кечээ, 14-августта, Ош шаарынын мэриясынын жалпы кеңейтилген аппараттык жыйыны болуп өттү. Анда алдыда боло турчуу парламенттик шайлоого карата даярдыктар талкууланды.

Жыйында Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев билдиргендей, калаада көптөгөн жылдардан бери жашаган же иштеген, бирок каттодо турбаган жараандар үчүн атайын жети шайлоо участкасы ачылат. Ал жерге жакын жашаган тургундар шайлоого 15 күн калганга чейин добуш берүү үчүн арыз жазып калтыруусу абзел.

Жаңы ачылып жаткан шайлоо участогу шаардын ар кайсы аймактык кеңешинде жайгашкан.

“Атап айта турган болсок, №2 Достук аймактык кеңеши Резиденция аймагы шаардык төрөт үйүнүн имараты, студенттер шаарчасы Т. Сатылганов атындагы китепкана имараты, №4 Ак-Тилек аймактык кеңеши №1 көчөсүндөгү “Үмүт” балдар бакчасында, №6 Манас-Ата аймактык кеңеши Салиева көчөсүндөгү Мамлекеттик юридикалык институту, №10 Курманжан Датка аймактык кеңешиндеги Исанова көчөсүндөгү  Ош соода техникумунун жатаканасы, №11 “Жибек-Жолу” аймактык кеңешинин Баку көчөсүндөгү “Перити-Коал” ишканасы, №12 Курманжан Датка-2 аймактык кеңешинин Атуулдук тейлөө башкармалыгынын имаратына жайгашкан. Бул жерге шаарда каттоосу жок жараандар алдын ала арыз менен кайрылышы керек”, - деди А. Кадырбаев.

Ал эми шайлоого чейинки 15 күн аралыгында мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан арыз жазып калтырган шайлоочунун биометрикалык маалыматы шаарга которулат.

 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020