17 августа 2015, 08:33

А.Атамбаев КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпинге көңүл айтты

КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын, 15-августунда Кытай Эл Республикасынын Төрагасы  Си Цзиньпинге Кытай жарандарынын өлүмүнө алып келген Тяньцзинь шаарындагы кайгылуу окуяга байланыштуу көңүл айтты.

Мамлекет башчысынын телеграммасында: “Курман болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтуу менен, жабырлануучуларга эртерээк сакайып кетишине тилектештигибизди билдирип коюңузду өтүнөм”, - деп айтылат.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020