17 августа 2015, 08:44

Кыргызстан менен ЖККУнун өз ара аракеттешүүсүнүн ар кыл багыттары талкууланды

КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын, 15-августунда Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун Башкы катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды. Бул тууралуу, Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) уставдык органдарынын сентябрда боло турган отурумдарына карата даярдыкка байланышкан суроолор талкууланды.  

Президент Алмазбек Атамбаев жана ЖККУнун Башкы катчысы Николай Бордюжа ошондой эле ЖККУнун ишмердүүлүгүнө тийиштүү маселелерди, анын ичинде Кыргызстан менен уюмдун региондогу коопсуздукту камсыз кылууда өз ара аракеттешүүсүнүн ар кыл багыттарын талкуулашты.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020