17 августа 2015, 08:49

Т.Сариев: Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушу энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууга салым кошот (СҮРӨТ)

Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушу мамлекеттин кубаттуулугун арттырып, энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууга салым кошот.

Бул тууралуу Премьер-министр Темир Сариев Нарын облусуна карай жасаган эки күндүк иш сапарынын алкагында Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушу менен таанышуу учурунда билдирди.

Белгилүү болгондой, мында ГЭС курулушуна каралган жер тилкелери боюнча маселе жаралган. Алгач жалпысынан 1137 га каралса, анын 365 га жери үлүшкɵ берилген жерлердин катарына кирет, учурда ал тилкелер боюнча маселе кароодо турат.

Премьер-министр Айыл чарба министрлиги, Өкмɵттүн Айыл чарба министрлиги, Өкмɵттүн Нарын облусундагы ɵкүлчүлүгү, Нарын районунун акими жана Мамлекеттик каттоо кызматы менен биргеликте үстүбүздɵгү жылдын 15-сентябрга дейре аталган жер маселесин чечүү тапшырмасын берди.

«ГЭСтин курулушу мамлекеттин кубаттуулугун камсыз кылып, энергетикалык коопсуздук маселесин чечет. Жарандар Өкмɵттүн жүргүзүп жаткан саясатына колдоо кɵрсɵтүшү керек. Өз кезегинде мамлекет жарандардын кызыкчылыгын эске алуу менен бардык шарттарды түзүүгɵ аракет кылат. Бул максатта бизге кубаттуу, күчтүү мамлекет керек, ал үчүн Өкмɵт тартипти бекем сактап, талапты катуу коюуда», – деди Темир Сариев.

Андан соң Өкмɵт башчы Орток, Дɵбɵлүү айылдарынын тургундары менен баарлашты. Алар ГЭС курулушуна каралган жер тилкелердин ордуна башка тилкелерди ɵздɵштүрүүгɵ кɵмɵк кɵрсɵтүү ɵтүнүчүн билдирди.

Темир Сариев маселени тийиштүү мамлекеттик органдар иштеп чыгаарын, аны менен катар сугат суу менен камсыздоо жагы да каралаарын белгиледи.

Мындан тышкары ГЭС куруучулар шаарчасынын аймагын таза суу менен камсыздоо маселеси да кɵтɵрүлүп, Өкмɵт тараптан ал маселени чечүү да колго алынаары айтылды.

Т.Сариев: Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушу энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууга салым кошот (СҮРӨТ)

Т.Сариев: Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушу энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууга салым кошот (СҮРӨТ)

Т.Сариев: Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушу энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууга салым кошот (СҮРӨТ)

Т.Сариев: Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушу энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууга салым кошот (СҮРӨТ)

Т.Сариев: Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушу энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууга салым кошот (СҮРӨТ)

 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020