Эльвира Сариева 17-20-августта Кыргызстандын бардык аймактарында мугалимдердин август конференциялары өткөнүн кабарлап, Бишкекте өтчү республикалык курултайга өлкө аймактарынан 1000ден ашык мугалим жана мамлекет жетекчилери катышаарын билдирди.
Темир Сариев акыркы убакытта Өкмөт билим берүү тармагына көңүл бурууну күчөтүп жатканын билдирип, бул аракеттер билим берүүнүн сапатына жогорулатууга багытталганын белгиледи:
“Быйыл өлкө боюнча 66 жаңы мектеп курулушу бүткөрүлүп, пайдаланууга берилген жатат. 2016-жылы 100 жаңы мектепти куруу жана 100 мектептин имаратын толук оңдоодон өткөрүлөт. Бул мектептер бардык заманбап шарттарга жооп берип, имарат ичинде ашкана, спорттук зал, даараткана жана ысык суу менен камсыздалат. Быйылкы окуу жылынан тарта мугалимдердин айлык-маянасы 50 пайызга көтөрүлүп, билим берүү кызматкерлерине камкордук күчөтүлмөкчү. Мындан сырткары башталгыч класстагы 408 сааттык программа иштелип чыгып, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине зарыл нерсерлери менен камсыздоо жүргүзүлүүдө. Бул аракеттердин баары өлкөдөгү билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган. Алдыда өтчү билим берүү кызматкерлеринин республикалык курултайы бул жааттагы сапаттык өзгөртүүлөрдү ишке ашырууну талкуулоочу аянтча болушу керек”, – деди Темир Сариев.
Ошондой эле Темир Сариев Билим берүү жана илим министрине республикалык курултайды өз деңгээлинде уюштурууну тапшырды.