17 августа 2015, 14:26

Расул Умбеталиев, “Күчтүү Кыргызстан” партиясынын мүчөсү: “Аида Салянова өзүм билемдик кылып “Ата-Мекен” партиясы менен иштешкенге укугу жок”

“Аида Салянова Ата-Мекен партиясы менен өзүм билемдик кылып иштешкенге укугу жок” - деп билдирди бүгүн маалымат жыйынында Күчтүү кыргызстан партиясынын мүчөсү Расул Умбеталиев.

Анын берген маалыматы боюнча учурда "Ата-Мекен" менен "Күчтүү Кыргызстандын" биргеликте иш алып баруусу боюнча көптөгөн адамдар кызыгып жатышканын айтат. Ал гана эмес кечээ жакында эле Аида Салянова "Ата-Мекен" партиясы менен шайлоого катышаарын интернет булактарынан уккан “Партиянын уставы менен ушул сыяктуу чечимдер чоогу жана партиянын съездинде гана чечилиши керек, Аида Салянованын бул кадамы туура эмес жана мындай нерсеге барууга укугу жок”- деп билдирди Расул Умбеталиев.

Анын айтуусунда эгер Аида Салянова "Ата-Мекен" партиясына кирсе ошол партиянын мүчөсү болуш керек. Бир буту менен "Ата-Мекен" ал эми экинчи буту менен “Күчтүү Кыргызстан” партияларында жүргөн болбойт.  

Эске сала кетсек, "Ата Мекен" партиясынан парламенттик шайлоого катышчу талапкерлердин сап башына партия лидери Өмүрбек Текебаев, Ош шаарынын мурунку мэри Мелис Мырзакматов жана экс-башкы прокурор Аида Салянова турган эле.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020