18 августа 2015, 08:58

Кыргызстандык Нурайда мыктынын мыктысы

“Себат” эл аралык билим берүү мекемелерине караштуу Silk Road эл аралык мектебининин окуучусу (Silk Road International School), 16 жаштагы кыргызстандык Нурбек кызы Нурайда англис тили боюнча эл аралык Тhe World Scholars Cup аталган олипиадада алдыӊкы 20лыктын ичине кирди. Жогорку Кеӊештин депутаты Нурбек Алимбековдун кызы Нурайда буга чейин да англис тили боюнча бир катар сынактарды жеӊген эле.

Ал эми бул жолу Астана өткөн тандоо турунда англис тилин мыкты өздөштүргөн кыргыз кызы алдыӊкылардан болуп өтүп, Малайзияда өз өлкөсүнүн намысын дүйнөлүк аренада коргой алды. Кызыгы, бул чоӊ сынакта эл өкүлүнүн кызына сынактын уюштуруучулары дароо үч медалды ыйгарышкан. Алар өз тобундагы эӊ мыкты катышуучу, өз өлкөсүнүн эӊ мыкты катышуучусу жана эӊ мыкты 20 дил баян жазуучунун бири деген наамдар эле. Кошумчалай кетсек, эми Нурбек кызы Нурайда АКШнын Коннектикут штатындагы Нью Хейвен шаарындагы атактуу Йель университетинде сынактын финалдык туруна Кыргызстандын атынан катышмакчы. Жаш кыргызстандыкка ийгилик каалайлы!

 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020