18 августа 2015, 09:08

Сариев: “Кыргыз-орус Өнүктүрүү фонду Өкмөт менен бирге кыска аралыкта эффекттивдүү иш алпарышы керек”

Кечээ, 17-августта, КРнын Премьер-министр Темир Сариевдин төрагалыгы алдында Кыргыз-орус Өнүктүрүү фондунун ишмердиги боюнча жыйын өткөрдү. 

Жыйын жүрүшүндө Темир Сариев Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине толук укуктуу мүчө болуп киргенин кабарлап, Кыргыз-орус Өнүктүрүү фонду бир катар тармактар боюнча каржылоону башташы керектигин билдирди.

«Кыргыз-орус Өнүктүрүү фондунан жарандарыбыздын күтүүлөрү абдан чоң. Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуу жараянынын шартында фонд өкмөт менен бирге кыска аралыкта эффекттивдүү иш алпарышы керек. Бул жаатта бир нече багыт боюнча коммерциялык банктар менен долбоорлорду ишке ашырса болот»-деди Темир Сариев.

Темир Сариев фонд сентябр айынан тарта алгачкы долбоорлорду каржылап башташы керектигин белгиледи. Мындай багыттардын катарына Темир Сариев жер-жерлерде күнөсканаларды курууну, кичи ГЭСтерди куруу жана асыл тукум мал чарбачылыгын колдоо сыяктуу долбоорлорду атады.

Ошондой эле Темир Сариев ири долбоорлорду Фонд каржылашы керектигин, ал эми орто жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча долбоорлорду коммерциялык банктар аркылуу каржылоого мүмкүн экенин кошумчалады.

 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020