18 августа 2015, 09:54

"Ата Мекен" менен кызматташууну "Күчтүү Кыргызстан" саясий кеңеште кабыл алган

"Күчтүү Кыргызстан" партиясы кечээ, 17-августта билдирүү жасаган Расул Умбеталиевдин пикирине комментарий берди.

Ал "Аида Салянова "Ата Мекен" партиясы менен кызматташуу тууралуу чечимди жеке өзү кабыл алганга укугу жок болчу",- деп билдирген.

Буга "Күчтүү Кыргызстан" партиясынын басма сөз кызматы ""Ата Мекен" партиясы менен кызматташуу тууралуу чечим партиянын 4-августта өткөн саясий кеңешинде кабыл алынган, бирок мындай маселелерди чечүүгө төраганын жеке өзүнүн укугу бар болчу",-деген жоопту узатышты.

"Умбеталиевдин айткандары чындыкка дал келбейт. Партиянын атынан үч киши "Ата Мекен" партиясынын тизмесине кирди, алардын арасында Аида Салянованын туугандары жок",-деп кабарлашты саясий бирикмеден.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020