18 августа 2015, 11:43

Чынара Эсенгул, саясат таануучу: “Текебаев куулук менен саясат жүргүзүүдө”

-Чынара айым, “Ата Мекен” партиясы парламенттик шайлоого карата тизмесин жарыялады. Бул тизмеге көз чаптырсак, аталган партиянын принциптерине каршы келген адамдар көч башында жүрөт. Мындай көрүнүш партиянын аброюна көлөкө түшүрбөйбү?

-Аталган партиянын тизмесинин мындай түзүлүп калганы көпчүлүктүн көңүлүн бурууда. Бул анын электоратына терс таасирин тийгизеби деген суроо туулат. Бирок, “Ата Мекендин” коомдогу электораттары кимдер? Чындыгында бул партиянын колдоочулары кимдер экенин так көрө албай жатабыз. Ошол эле кезде жаманбы-жакшыбы, “Өнүгүү-Прогресс”, “Бир бол” сыяктуу партиялардын кандайдыр бир чөйрөдө колдоочулары бар. Алар айыл жерлериндеги элдерди тартып жатат. Башка партиялар да ушундай конкреттүү багыттар менен иштеп жатат. Ал эми “Ата Мекен” эски партия катары таанылганы менен парламентте 5 жыл иштеп, бийликке өз адамдарын алып барып эмне жыргатты дегендер четтен чыгат. Булардын куру кыйкырыгы, интригаларынан башка чечкиндүү аракеттери болгон жок да.

Ошондуктан, бул партия шашмалык жол менен тиякка бир чуркап, биякка бир чуркап баштады. Мисалы, диний чөйрөнүн адамдарына барып мындай мыйзам кабыл алып беребиз жагалданып жатат. Булар туруктуу иштеп, элдин көңүлүн өзүнө бура алган жок.

-“Ата Мекен” партиясынын шайлоо боюнча тизмесинде кылмыш иши козголгондор да бар экен. Мындай көрүнүшкө кандай баа берет элеңиз?

- Тизмеде чындыгында бийликке таарынгандар толуп алыптыр. Ошол эле Жоомарт Оторбаев, Аида Саляновага окшогондорго мүмкүнчүлүк берилип, бийликте бир топ убакыт турду. Бирок, баштаган иштерин аягына чыгара албай же колунан эч нерсе келген жок десек болот. Ал эми Мелис Мырзакматов Ошто жакшы иштеген күндө да бийлик вертикалы менен иштеше албай турганын далилдеди. Тактап айтканда алысты көрө албай турган саясатчы экенин тастыктап койду. Андан сырткары, мыйзамсыз иштери да азыркы күнгө чейин чубалып жатат.

-Дагы бир кошумчалап кетүүчү жагдай, бул тизмеде бийликке таарынган радикалдык көз караштагы адамдардын болуп жатканы кандайдыр бир кооптонууларды жатарат. Булар сөзсүз түрдө шайлоодон кийин чагымчылдыкка барышы да ыктымал. Анткени, мындай тизме элди иренжитип, “Ата Мекен” күткөндөй добуш албай калышы мүмкүн.

- Бул шайлоо “Ата Мекен” үчүн чын эле реалдуу сыноо деп айтсак болобу? Себеби такай оппозицияда жүргөн партия акыркы 4 жылдан бери бийликтин бир бөлүгү болду. Шайлоочулар партиянын, анын кадрларынын жөндөмүн көрдү дегендей?

-“Ата Мекендин” азыркы аракетин Өмүрбек Текебаевдин акыркы шансы катары карасак болот. Булар парламентке жана 2017-жылы президентикке барганга аракет кылат. Ошону менен Текебаевдин мүмкүнчүлүгү түгөнөт. Эң коркунучтуусу бул тизме жеке мени чочулатып жатат. Анткени, мыйзамды коргой тургандар, мыйзам бузгандар, артында маселелери барлардын баары тизмеде жүрөт. Кыскасы ботко болуп калыптыр. Бул тизмедеги мындай боткону массалык деңгээлге алып чыкпайбы деген коркунуч бар.

-“Ата Мекен” партиясынин лидери Өмүрбек Текеабве 15-августтагы съездинде бизде 5 жылдан бери бийлик болгон жок деп айтыптыр. Жоомарт Оторбаев менен Аида Салянова да бизге мүмкүнчүлүк бербеди деп арманын айткан экен. Чын эле “ата мекенчилер” 5 жыл бою кысым астында жүрдүбү?

-Чынын айтканда мындай нерсеге кошула албаймын. Анткени, алар 5 жыл бою парламентте эле отурбастан өкмөттү түздү. Премьер-министр өздөрүнүн партиясынан иштеди. Ал эми башка партиялар менен консенсуска келип өздөрүнүн программаларын жана убадаларын аткарууга жакшынакай эле шанс болду. Булар кайра иштебей эле интригага барып, коалицияны ыдыратып жатты. Демек, “Ата Мекен” партиясы башка саясий күчтөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп ишти алдыга алып кете албайт экен деп ишенсек болот. Өзүмчүл болуп, бизден гана болсун деген жарабайт.

Анткени, саясатта башка күчтөр да тил табышып иштешүүнү билиш керек.

-Сиз айтып жаткан Текебаевдин саясаттагы акыркы аракети кандай натыйжа алып келет?

-Менин жеке оюмча, Текебаев интриган саясатчы экенин далилдеди. Популист, эл алдында такыр башка сүйлөп, кылганы теңирден тескери.  Айрымдар аны кыраакы, тажрыйбалуу саясатчы дейт. Мен ага кошулбаймын. Анткени тажрыйбалуу саясатчылар башканы да уга билет. Эл үчүн саясий топтор менен иштей алат. “Кумтөрду” да аягына чыгара алган жок да булар.

Ал эми Саляновага ишеним болгону үчүн Салянова болуп отурат. Эгер президент ага ишенип кызматка койбогондо элдер айткандай аппаратта кагаз ташыган кызматкер катары кала бермек.

Канткен күндө да Текебаев куулук менен саясат жүргүзүүдө. Анысы терс жыйынтык алып келип калышы да ыктымал.

 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020