18 августа 2015, 13:45

"Бүтүн Кыргызстан Эмгек" партиясынын тизмесиндеги экс-депутаттар, ишкерлер жана опера ырчысы

"Бүтүн Кыргызстан Эмгек" саясий партиясы парламенттик шайлоого катыша турган талапкерлдердин тизмесин жарыялады.

Парламенттик шайлоо үстүбүздөгү жылдын 4-октябрына белгиленген. Талапка ылайык, 25-августка чейин саясий партиялар БШКга талапкерлердин тизмесин бериши керек.

Тизмеде биринчи болуп ишкер жана экс-депутат Аскар Салымбеков катталган. Андан кийинки орунду партиянын теңтөрагасы, саясатчы Адахан Мадумаров ээледи.

Партиянын биринчи ондугу төмөнкүдөй:

 

  • Аскар Салымбеков;
  • Адахан Мадумаров;
  • Олег Подобедов;
  • Дамира Дөлөталиева;
  • Бахтияр Фаттахов;
  • Мусабек Турсункулов;
  • Нарынбек Молдобаев;
  • Надира Нарматова;
  • Каныбек Нарбаев;
  • Эрнис Сооронбаев.

 

Андан кийин 12-болуп экс-депутат Урмат Аманбаева келсе, 15-орунда экс-вице-премьер-министр Токон Мамытов жайгашкан. Тизмеде булардан тышкары мурунку депутат Рашид Тагаев жана опера ырчысы, КР Эл артисти Керим Турапов бар.

 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020