18 августа 2015, 15:12

Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу: “Ө.Текебаевдин 3-4 жүзү бар”

-Өмүрбек Текебаев буга чейин жаңы конуштагы мыйзамсыз жерлерди легалдаштыруу боюнча демилге көтөрүп чыкканда көпчүлүк депутаттар аны четке каккан. Мыйзамсыздыкты мыйзамдаштырууну көтөргөн “Ата Мекендин” лидеринин мындай кадамын кандай баалайсыз?

-Бул кырдаалды саясий популизм деп түшүнсөк болот. Анткени ошол мыйзамсыз жерди бергендердин арасында Текебаевдин адамдары бар. Шайлоо алдында атайын чөнтөк толтуруш үчүн ыплас иштерди жасап келүүдө. Таң калыштуусу, мурда бир да жолу жаңы конуштардын абалы боюнча айткан эмес. Эми кыйкырып чыкканы саясий популизм. Текебаевдин деле ошондой жерлери бар.

-Жакында айрым адамдар дал ушул маселени талап кылып маалымат жыйынын өткөрдү. Булардын артында да Текебаев турганы айтылууда. Өмүрбек мырза шайлоо алдында жаңы конуштагылардын добушун алайын деп ушундай кадамга барып жаткан жокпу?

-Бул жерде сөзсүз Текебаев турат. Себеби аларга идеялардын баарын айтып берет. Ал эми жаңы конуштагылардын добушун алуудан башка да кызыкчылык бар десем болот. Шайлоодон “Ата Мекен” өтпөй кала турган болсо, аларды курал катары пайдаланат. Баарын айтып бербесек деле белгилүү. Кокус шайлоодон өтпөй калса, митингдерге пайдаланам деп ойлоп, мунун баары алдын ала пландаштырууда... 

-“Ата Мекен” партиясы акыркы кездери таптакыр каршылаштары менен да биригүүдө. Алардын мындай аракетин кандай баалайсыз?

-“Ата Мекендин” саясаты суудан өткүчөктү эле. Канткен күндө да парламентке өтүү керек деген принцип бар. Анан шайлоодон өткөн соң эмне болсо ошо болсун деген ою бар. Бул кадам Кыргызстанга жакшылык алып келбейт. Себеби, кечээ эле түз эфирде сөгүшүп аткандар азыр кучакташып атат. Булар мыйзамдын “м” тамгасын тааныбайт. Өз принциптеринен тайган, принциптери жок, ыплас адамдар экенин далилдешти. Текебаевдин 3 же 4 жүзү бар. Азыр ошонун бирөөсүн пайдаланып жатат.

- Булар беш жыл бизге бийлик тийбей убадаларыбызды аткара албадык деп айтып жатат. Чын эле беш жылда “Ата мекенде” бийлик болгон жокпу?

- Бул болбогон сөз. Кызматка келгендер: Жоомарт Оторбаев, Аида Салянова, Данияр Нарымбаевдер “Ата Мекендин” адамдары. Ушинтип айтканга кантип дити барганына таң каласын. Жогорку жана шаардык соттордо жалаң Текебаевдин адамдары олтурду. Азыр деле Текебаевдин адамдары олтурат. Жогорудагы адамдар эмнени кыйратты? Кайсы маселени чечип берди? Эми айткандары ушул. Текебаевдин канчалаган мародердук иши жабылып олтурат.

Мисалы, Бакиевдин обьектилерин тартып алуу боюнча. Калганын айтпай эле коёюн. Анан азыр сот процессинин бир да документин көрө албай келебиз. Ошондой эле биометриканы да Текебаев баштап, суудан кургак чыгып калды. Ал эми Сооронкулова кызматтан кетип калды.  

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020