19 августа 2015, 12:10

ЖК депутаттыгына талапкерлер бир гана партиянын тизмесинде болушу шарт

ЖК депутаттыгына талапкерлер бир гана партиянын тизмесинде болушу шарт. Бул тууралуу, БШКнын мүчөсү Жаркын Бапанова билдирди.

Анын айтымына караганда, алдыдагы шайлоого катыша турган талапкер бир гана партиянын тизмесинде болууга тийиш.

Мисалы, Эркин Тентишев эки партиянын, тактап айтканда «Ар-Намыс» жана «Кыргызстан» партияларынын тизмесинде экени белгилүү болгон. Бапанова Боршайкомго партиялар талапкерлердин тизмесин 25-августка чейин берүүсү керек экенин билдирди.

Эске сала кетсек, парламенттик шайлоо 2015-жылдын, 4-октябрына белгиленген. Тийиштүү буйрукка президент Алмазбек Атамбаев кол койгон.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020