19 августа 2015, 12:42

БШКга партиялар шайлоого катыша турган кандидаттардын тизмесин бере баштады

"Ата Мекен" саясий партиясы Борбордук шайлоо комиссиясына Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкерлердин тизмесин берди. Бул тууралуу, БШКдан кабарлашты.

4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоого аттанган "Ата Мекен" партиясынын тизмесинин алдыңкы ондугу:

  • Өмүрбек Текебаев, партия лидери, "Ата Мекен" фракциясынын жетекчиси;
  • Садык Шер-Нияз, кинорежиссер;
  • Мелис Мырзакматов, Ош шаарынын соттолгон экс-мэри;
  • Аида Салянова, эск-башкы прокурор;
  • Наталья Никитенко, ЖК депутаты;
  • Жоомарт Оторбаев, экс-премьер-министр;
  • Жоомарт Сапарбаев, ЖК депутаты;
  • Бахадыр Сулейманов, ЖК депутаты. 2010-жылы парламентке "Ата Журт" партиясынан келген;
  • Айсулуу Мамашева, "Дасмия" этнокомплексинин президенти;
  • Сайдулла Нышанов, ЖК депутаты.

Мындан тышкары, парламенттик орун үчүн аталган партиянын курамында мурунку адилет министри Алмамбет Шыкмаматов, ЖК депутаттары Асия Сасыкбаева, Каныбек Иманалиев, Абдимуктар Маматов жана эсеп палатасынын мурунку жетекчиси Искендер Гайпкулов ат салышат.

Партиянын расмий тизмесинде 200 талапкер катталган.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020