19 августа 2015, 14:43

“Өнүгүү-Прогресс” партиясына каражат Минскиден келеби?

Шайлоонун шаңы башталды. Албетте көпчүлүк партиялар үчүн. Ал эми “Өнүгүү-Прогресс” партиясы үчүн мындан 2 жыл мурун эле башталган десек болот. Себеби акыркы эки жылдан бери карай эле өздөрүнүн партиясынын атынан дыйкандарга, фермерлерге тракторлорду берип, жардам көргөзүп келатканын ММК булактары аркылуу жарыя кылып келишет. Албетте, жардам бергендери жакшы, бирок ал жардамдар жана жарнамага кетип аткан каражаттар кайсыл булактан келип атат? Мына ушул суроо күдүк ойлорду жаратат. Андыктан биз төмөндө эки суроо менен партиянын ишмердүүлүгү тууралуу коомдук ишмерлердин оюн уктук.

  1. “Өнүгүү-Прогресс" партиясы Бакиевдердин долбоору экендиги айтылууда. "Өнүгүү-Прогресстин" эл алдында берген убадалары аткарыларына ишенесизби? Жеке сиз аталган партиянын шайлоодогу мүмкүнчүлүгүн кандай баалайсыз?
  2. Партия жетекчиси Бакыт Төрөбаевди саясый лидер катары тааныйсызбы? Анткени аны өтө таасирдүү лидер кылып көрсөтүп жаткандар бар?

 Болот Жанузаков, коомдук ишмер: “Төрөбаевди эл колдобойт”

  1. “Өнүгүү-Прогресс" партиясы Бакиевдердин долбоору экенин так айта албаймын. Бирок ошондой сөздөр жүрүп жатыптыр. Аны эми далилдеш керек го. Бирок, бул партия дыйкандарга жардам берип жатат окшойт.
  2. Эми Кыргызстанда жалпы эл колдой турган таасирдүү лидер деле жок. Б.Төрөбаевди антип айтканга деле болбойт. Бирок, кыргыз эли уучубуз кур эмес. Өсүп келе жаткан кыйын жаштар бар дегендей. Б.Төрөбаевди деле ушундайлардын бири деп билем.

 Бакыт Бакетаев, саясат таануучу: “Булардын арасында Исхак Масалиев да болсо керек”

1.“Өнүгүү-Прогресс" партиясы Бакиевдердин долбоору деген кеп көптөн бери эле айтылып келе жатат. Булардын арасында Исхак Масалаиев да болсо керек. Ал 2010-жылы төңкөрүш уюштурам деп жатты беле? Ошентсе да анын атасы абдан жакшы киши болгон.Бул партия эки-үч жылдан бери үгүт иштерине канчалаган миллиондорду коротту. Тракторлорду берип жатат дегендей. Аталган акчалар кайдан келип жатат бул да чоң суроо. Ошондуктан буларды каржылап тургандар болсо керек. Ал эми Бакиевдердин долбоору экенин тиешелүү кызматтар аныктабаса айтуу кыйын. Ошондой эле бул партиянын шайлоодогу мүмкүнчүлүгү анчалык жогору деп айтуу кыйын.

  1. Негизи Б.Төрөбаевдин түштүктө салмагы жакшы эле окшойт. Ал эми республикалык деңгээлге чыгышы үчүн түндүктөгү партиялардын бирин кошуп алышы керек го. 

 Өмүрбек Абдрахманов, Жогорку Кеңештин депутаты; “Ким билет, Бакиевдерден алганбы же Акаевден алганбы, бүдөмүк...”

  1. Бул пикирлердин албетте чындыкка жакын жагы бар. Анткени “Өнүгүү-Прогресс” партиясы айыл чарба багытында бир топ иштерди жасады. Ошол жасаган иштерине албетте оңой акча сарпталбайт. Ошондуктан коомчулукта “Өнүгүү-Прогресс” партиясы акчаны кайдан алып жатат деген суроо пайда болду. Чын эле Бакыт Төрөбаев акчаны кайдан алып кандай иштерди жүргүзүп жатат элге ачык айтып, иштеши керек. Элге ачык айтпаса ар кандай сөз ээрчий берет. Болбосо, ким билет Бакиевдерден алганбы же Акаевден алганбы, бүдөмүк.
  2. Мен Бакыт мырзанын саясий ишмердүүлүгү тууралуу сөз айтуудан алысмын. Анын өзүнө жараша тарапташтары бар. Шайлоодо кандай болот алдын ала айтуу кыйын. Ошондуктан баарын шайлоо көрсөтөт деп айтмакмын. “Өнүгүү-Прогресс” партиясы түштүктө кандай колдоо алат, билбейм. Түндүктө башка партиялар көбүрөөк добуш алышы мүмкүн.

 Осунбек Жамансариев, коомдук ишмер: “Б.Төрөбаевди өзгөчөлөнгөн лидер деп айтуу мүмкүн эмес”

  1. Аларды Бакиевдин долбоору деп айтуу кыйын го. Бирок, айрым гезиттерден ушундай маалыматты окуп калгам. Ал эми ар бир партиянын өздөрүнүн колдогон шайлоочулары бар да. Алардын саны канча экенин шайлоо көрсөтөт. Бирок, Бакиевдер сөзсүз түрдө кайсы бир саясий күчтөргө көмөк көрсөтөт.
  2. Кыргызстанда өзүн лидер эсептеген саясатчылар көп эле. Б.Төрөбаев деле ошолордун бири. Аны башкалардан өзгөчөлөнгөн лидер деп айтуу мүмкүн эмес.

 Абдыжапар Бегматов, Жогорку Кеңештин депутаты; “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын аша чапкан лозунгдары да бар”

  1. Бул партия айыл чарба тармагын өнүктүрүү боюнча пландарын элге айтып келе жатат. Бул пландар СССР убагында эле айтылган. Андан кийин Акаев талкалаган айыл чарбасын калыбына келтирүүгө өздөрүнүн пландарын айтып келишти. Бул кайсы бир деңгээлде чындыктан алыс иштер болуп саналат. Саясий иштери башка партиялардыкындай эле кетип жатат. Бул партияны жаңы өсүп келе жаткан партия катары карасак. Жакшы же жаман деп айтууга эрте.
  2. Бакыт Эргешович  менен ушул өткөн чакырылыштын депутаты болдук. Саясатта аркандай жагдайлар, учурлар болот. Ошондуктан “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидерин мындай тигиндей деп сыноодон алысмын.

 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020