19 августа 2015, 15:34

Ташиев салмагына жараша 41-сапка илинсе, Бабанов лидерликти колдон чыгарбады

Алдыда болуучу парламенттик шайлоого карата бирдиктүү күчкө айлануу максатында «Республика» партиясы менен «Ата-Журт» партиясынын лидерлери Өмүрбек Бабанов жана Камчыбек Ташиев тандемдешүүгө келген эле. Экөөнүн партиясы биригип бир атка ээ болуп, экөө анын теңтөрагасы болуп калган. Бирок шайлоого карата тизме түзүүдө Бабанов 1-орунда болсо, Ташиев 41-орунда калып калганы коомчулукта түрдүү суроолорду жаратты. «Ташиев Бабановго алданып калды» дегендер да четтен чыгат. «Жо-ок Ташиев өзү ушуга макул болуптур» дегендери да бар. Андыктан биз төмөндөгү 2 суроо менен коомубуздагы белгилүү инсандардын оюн угуп көрдүк.

  1.  Камчыбек Ташиев «Республика Ата-Журт» партиясында 41-тизмеге илиниптир. Демек, Ташиевдин кадыр-баркы Бабановдон төмөн болуп калабы?
  2. Аталган партиянын тизмесин карап көрсөк көбүнчө Бабановдун адамдары алдынкы сапта болуп чыкты. Мындан улам Бабанов Ташиевди тымызын алдады деп айтсак болобу?

 Өмүрбүбү Бегалиева, акын, философ, коомдук ишмер: “Эч кимисинин саясий салмагы жок”

  1. Эч кимисинин саясий салмагы жок. Ким акча менен камсыз кылса, ошол адам башкарат.  41-орун болсо, акча чыгарбай койгон чыгаар жана тарапташтары жок болсо керек. 
  2. Азыр ким акча көп чыгарса ошол барктуу боло берет эмеспи. Анын үстүнө Ташиев тосмодон секиргенден кийин барк-баасы төмөндөгөндүр. Бул жерде алдоо байкалган жок. Ал партияда Бабановдун адамдары көп болсо керек жана финансы жагын камсыздаган да Бабановдун адамдары. Ким каржыласа ошол бөлүштүрөт. Бүгүнкү күнү авторитеттүү эч ким жок...

 Шайлообек Дүйшеев, КР эл акыны:  “Ташиев секирген жерден Бабанов секире алабы?”

  1. Армияда кол башчылар артта жүрүшөт. Булардын экөө тең арткы тизмесине жазылыш керек болчу. Акчасы жок, таза адамдарды жазып, артынан барса жакшы болмок. Азыркы саясатчылардын баарынын эле айырмасы бирдей. Бирин да салмагын жогору деп айта албайм. Саясий салмагын аныктоодо: "Ташиев секирген жерден, Бабанов секире алабы?" деген суроо менен билсек болот...
  2. Азыр акча чечет деген заманга келип калдык. Булардын да тизмеси акчанын негизинде жазылган өңдөнөт. Ач бала менен ток бала ойнобойт кылбай, өз-өзүнчө эле барышса болмок. Анткени парламентке өтүп калса, бири-бирине көз каранды болуп калат. Ошондуктан өзүнчө кеткени дурус...

 Марат Казакпаев, саясат таануучу: Бабановдун саясый салмагы Ташиевге караганда бир топ өйдө турат”

  1. Туура айтасыз, менин оюмча Бабанов биринчи тизмеде андан кийин Ташиев турса туура болмок. Анткени, чынын айтканда Бабановдун саясий салмагы Ташиевге караганда бир топ өйдө турат. Премьер болуп иштеди дегендей. Ошентсе да Камчыбек мырзаны өйдөрөөк тизмеге койсо болмок. Анткени, кандай болгон күндө да ал “Ата-Журттун” лидери эмеспи. Балким бул жерде финансы маселеси ойноп кеткендир. Эгер Ташиев 41-орунга ыраазы болсо, анда маселе жок.     
  2. Менин оюмча “Ата-Журт” деле күчтүү партия болчу. Алардын талапкерлерин эмне үчүн артка тартып жатканын билбейт экемин. Мүмкүн ич ара компромисске келгендир. Ошентсе да Ташиевди 41-орунга таштаганы бир аз туура эмес болуп калыптыр. Ал эми “Ата-Журттун” адамдарын бир аз көтөрмөлөп алдыңкы тизмелерге кошуп койсо деле болмок. 

Марс Сариев, саясий серепчи: “Ушул тандемде Бабанов лидер”

  1. Чындыгында Камчыбек Ташиев өзүнүн саясаттагы баркын түшүрүп алган. Аны айтпасак деле баары билет.  Бирок кандай болгон күндө да алдыңкы тизмедеги талапкерлер депутаттыкка жылышы мүмкүн. Бабанов Ташиевге салыштырмалуу салмактуу саясатчы экендиги белгилүү.
  2. Бабанов Ташиевди алдады деп айта албайбыз го. Бул жерде эки саясатчынын тең кандайдыр бир айтылбаган сыры бар. Экөө биригип, анан тизмени да акылдашып түзүштү болушу керек. Демек Ташиев өзүнүн салмагына жараша орунга илинди. 

 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020