20 августа 2015, 15:08

Ш.Абдылдаев Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы кызматынан бошотулду

КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы Абдылдаев Шералы Итибаевич берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу, Өкмөттүн басма-сөз кызматы билдирет. 

Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка Премьер-министр Темир Сариев кол койгон.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020