20 августа 2015, 16:20

БШК 12 аймактык шайлоо комиссиясынын курамын өзгөрттү

Борбордук шайлоо комиссиясы 12 аймактык шайлоо комиссиясынын курамын өзгөрттү. Бул тууралуу бүгүн, 20-августта БШКдан кабарлашты.

Алардын берген маалыматы боюнча, Нарын облусу боюнча Ат-Башы жана Нарын райондорунун аймактык шайлоо комиссиясынын курамы өзгөрүлдү.

Андан сырткары, Жалал-Абад облусунун Чаткал, Майлуу-Суу, Ала-Бука жана Тогуз-Торо райондорунун, Талас облусу боюнча Бакай-Ата районунун, Ош облусу боюнча Ноокат жана Араван райондорунун, Чүй облусу боюнча Кемин, Ысык-Ата жана Москва райондорунун аймактык шайлоо комиссияларынын курамы өзгөрүлдү.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020