20 августа 2015, 16:44

Т.Сариев: Бир ууч адамдардын кызыкчылыгынан улам шаардын тургундарына ыңгайсыздык жаралбашы керек

Бүгүн, 20-августта, Премьер-министр Темир Сариев Бишкек шаарындагы курулуп жаткан жолдор жана айрым обьекттердин курулушу менен таанышып, шаардагы абал боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу, Өкмөттөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, алгач Премьер-министр Бишкек шаарындагы Жукеев-Пудовкин көчөлөрүндө салынып жаткан жолдун курулушу менен таанышты. Таанышуу жүрүшүндө, аталган жолго жакын жайгашкан Орто-Сай базарынын айланасындагы мыйзамсыз курулган курулуштарды алдыруу боюнча ишти улантуу жана базардагы санитардык жана коопсуздукка байланышкан абалды үч күндүн ичинде иретке салуу тапшырмасын берди.

Бишкек мэриясынын маалыматы боюнча, аталган аймакта айрым жерлер 2006-жылы мыйзамсыз түрдө курулушка уруксат берилип кеткен. Темир Сариев бул боюнча укук коргоо органдарына кайрылып, мыйзамсыз чечим кабыл алгандардын жоопкерчилигин кароо керектигин билдирди.

“Бир ууч адамдардын кызыкчылыгынан улам шаардын тургундарына ыңгайсыздык жаралбашы керек. Бул үчүн биз шаарды өнүктүрүүгө тоскоол болбошубуз керек. Мыйзамда көрсөтүлгөн талаптардын негизинде мындай кемчиликтин баары жоюлуп, шаарыбыздын тургундарына ыңгайлуу шарт түзүлүшү керек. Муну бизден эл талап кылып жатат”, – деди Темир Сариев.

Ошондой эле Темир Сариев Мухтар Ауэзов көчөсүндөгү жолду оңдоонун жүрүшү менен таанышты. Бишкек мэриясынын маалыматы боюнча аталган көчөнү оңдоо иштери 1-октябрга чейин бүткөрүлөт. Темир Сариев жолду оңдоодо анын сапатына өзгөчө көңүл буруу тапшырмасын берди.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020