21 августа 2015, 10:43

Нурлан Орозбаев, саясат таануучу: “Ашкере сабатсыздык деп билем”

- Нурлан мырза, Бектур Асанов, Кубаныч Кадыров баштаган саясатчылар “Эгемен Кыргызстан” партиясы менен шайлоого “КСДПсыз парламент” урааны менен барат экен.Ушундай ураан канчалык негиздүү?

- Бул оппозициянын табигый көрүнүшү деп түшүнсөк болот. Бул саясий маданиятуулукка, толеранттуулукка жатпайт. Себеби, кайсы бир партиянын өзүнүн платформасы болот. Аны бир гана эл тандайт. Мындай чакырык жарандар тарабынан айтылса эч нерсе болмок эмес эле. Бүгүнкү күндө партияны баштап келе жаткан адамдардын айтканы: оппозициянын бүтүп калган чеги жана өтө одоно көрүнүшү. Атандашуу бирдей жана мыйзам баарына бир.

- Парламенттик шайлоо таза өтсүн деп жаткан ошол саясатчылардын мындай аракети кайра эле ыплас шайлоолорго чакырык таштап жаткан жокпу?

- Бул мыйзам бузуу же чакырык таштоо дегенге жатпайт. Анткени акыркы акция катары көтөрүп, көрсөтүп жатат. Ошол үчүн булар, саясий маданияттуулукту көрсөтө алган жок. Партия өзүн алсыз экенин билип, алсыз саясатын жүргүзө албай, ушундай анти чакырыктар менен жеңишке эч качан жете албайт. Шайлоонун таза, таза эмес өтүүсүнө булардын тиешеси да болбойт. Муну ашкере сабатсыздык деп эсептейм...

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020