21 августа 2015, 12:41

Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу: “Текебаев жаңы конуштарды добуш алууга, керек болсо, шайлоодон жеңилип калса митингге пайдаланууну көздөөдө”

- Ушу кезге чейин «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Бишкектин айланасындагы мыйзамсыз басылып алынган жерлерди мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам долбоорун токуп, аны көпчүлук депутаттар четке каккан эле. Текебаевдин мындай аракетин кандай баалайсыз?

-Бул саясий популизм жана саясий кара шоу. Элди алдап кол топтоо, ошону менен бирге элден акча топтоо болуп саналат. Мыйзамсыз алынган жерлер эч убакта мыйзамдашпайт. Анткени таштанды жаткан жерге үй салган туура болбойт. Канчалаган оорулар ошонун айынан чыгып жатат. Текебаев элди алдап, шайлоодо өтпөй калсам митингге пайдаланам деп ойлоп жатса керек. Эптеп-септеп парламентке өткөн соң ушул айтып жаткан сөздөрүн четке кагат. Анын  3-4 жүзү бар.

-Сиз борбор калаада өткөн тегерек столдо мындай жерлерди мыйзамдаштыруу үчүн 6 млн. долларга чейин акча сунушталганын айтыпсыз. Бул маалыматты эмнеге негиздеп айтып жатасыз?

- Эгерде 6000 гектар жерди мыйзамсыз мыйзамдаштырган болсо, ар бир сотых жерден 1000 доллардан алышса ошондой болуп калат. Мен ошонун негизинде айтып жатам. Муну элдин баары билет. Азыр ушунун айынан ортомчу 12 аял камакта отурат. Булар ортодо бир аз акча жей калабыз деп темир торго алынышты. Биздин чиновниктер таза бойдон кала беришти.

-Жакында өздөрүн Апрель баатырлары атаган топ дал ушул маселени көтөрүп, жерлерди мыйзамдаштырууну талап кылган. Булардын артында да Ө.Текебаевдин турганы маалым болду. Шайлоо жакындаганда Текебаев ушундай жол менен добуш алууну көздөп жаткан жокпу?

-Бул жерде эң негизги максат - добуш алуу. Анткени шайлоо жакындаганы жүгүрүп башташты. Текебаев мыйзамсыз жерлерди мыйзамдаштырам деп одоно ката кетирип жатат. Эгер ушул парламентке өтсө мыйзамдаштыруусун жокко чыгарат. Бул Текебаевдин мыйзам ченемдүү көрүнүшү да. Сөз айтылган боюнча калып, ишке ашкан учурун көрө элекпиз. Бул да болсо добуш алуунун ыкмасы жана карапайым элди тоноо болуп саналат. Себеби, ар бир үйдү мыйзамдаштырууга 1000 доллардан акчаларын шыпырып алышат. Баягы эле эл алданып кала берет.

-Текебаев шайлоодон өтүү үчүн шайтан менен да биригүүгө даяр болуп жатканын кандай баалайсыз?  

-Текебаевдин 3-4 жүзү бар деп башында эле айтпадымбы. Ал азыр өзү каршы чыгып жамандап жүргөн адамдар менен биригип шайлоодон утуп чыгайын деп жатат. Бирок эл да анын эмне үчүн жанталашып жатканын билип турат. Менин оюмча, Текебаевдин мындай аракеттери өзүнө эле терс натыйжа алып келет.

 

 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020