21 августа 2015, 15:58

Ч. Жуматаев: “Кыргызстан ЕАЭБге киргенден бери тыштан дары-дармектер келе элек деген маалымат чындыкка жатпайт”

Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден бери четтен келген ветеринардык дары-дармектер  мурдагыдай эле толугу менен көзөмөлдөн өткөрүлүп, өлкөгө алып келинүүдө. Бул тууралуу Ветеринардык дары-дармектерди сертификаттоо борборунун директору Чолпонбек Жуматаев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин айрым сайттарда чыккан Кыргызстан биримдикке киргенден бери өлкөгө ветеринардык дары-дармектер кире элек деген кабар чындыкка туура келбейт. 

“Маалыматка ылайык 72 миң тонна ветеринардык дары-дармек Бельгиядан Кыргызстанга алынып келе жатканда, Россияда 1 саттай кармалган. Анткени, аны алып келе жаткан ишкердин уруксат кагазы жанында болбой калганына байланыштуу болгон. Бул жагдайды министрлик тез эле чечкен. Бул ветеринардык дарынын бардыгы өлкөгө киргизилген. Ал эми ушу күнгө чейин ветеринардык каражаттар Кыргызстанга киргизилбей жатат деген сөздөр туура эмес” – дейт Ч.Жуматаев.

Эскерте кетсек, айрым маалымат булактарында Бельгиядан Кыргызстанга алынып келе жаткан айрым дарылардын уруксат кагазы алынбай калганына байланыштуу, мамлекетке келчү дарыларды Орусиянын тиешелүү кызматы карап турат. Кыргызстан ЕАЭБге киргенден бери тыштан дары-дармектер келе элек. Негизи бул дарыларга бирдиктүү бажы төлөмү алынат деген маалыматтар чыккан.

 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020