24 августа 2015, 09:22

10 миң адамды жумуш менен камсыздап, 40 ишкана түптөгөн, келечекте 100 завод ачууну пландаган Шаки мырза

Өлкөбүз эгемендик алгандан бери коомчулукта көп талкууланып келе жаткан дүжүр сөздөр бар. “Өндүрүш токтоп калды”, “Кыргызстандан даарат кагазы да чыкпай калды” деген сыяктуу кептер саясатка маш бардык жарандардын эрмеги болуп келатканына көп болду. Анткени өлкөбүз алгачкы күндөн тартып капиталисттик доорго кадам таштап, базар экономикасына сүңгүп киргенден кийин социалисттик доордо курулган өндүрүштүк система урап, анын натыйжасында жүз миңдеген жумуш орундарын түзүп гана тим болбостон, мамлекетти бүтүндөй багып жаткан өндүрүштүк ишканалар талкаланып, таланып-тонолуп кеткенин коомчулук абдан оор кабыл алды. Тилекке каршы, бузулган ишканалардын ордуна жаңы системага ылайык заманбап ишканалар дароо эле ачыла калган жок. Ошентсе да базар экономикасынын талабына баш ийип, тилин тез арада тапкандар да аз эмес. Алардын бири белгилүү ишкер, Кыргызстанда ушул тапта күркүрөп иштеп жаткан 40 ири ишкананын түптөөчүсү - Шаршенбек Абдыкеримов.

Шаршенбек мырзаны жакшы билгени деле, билбегени деле эркелетип Шаки деп коюшат. Коомчулуктун бул баасы бекеринен эмес чыгаар. Анткени Шаки мырза чындап эле ошончолук урматтоого татыктуу деп эсептейм.
Тээ бир канча жыл мурда Кыргыз телевидениесинде бир кызык жарнама пайда болгон “Шылтоо болсо Аю бар” деген. Белгилүү орус актеру кыргыздын калпагы менен чепкенин кийип кыргыз арагын жарнамалагандан кийин коомчулукка бул жарнама тез алынып кетти. Албетте, учурда Шаки мырзаны чымчылагандар дароо эле “Аю” фирмасын жана андан өндүрүлгөн ичимдиктерди мисалга тартышат. А чындыгында бул тармак Абдыкеримов жетектеген ондогон тармактын бир кичинекей бөлүгү гана. Ал жетектеген 40 ишкананын 39ун азык-түлүк ишканалары түзөт.

Шаки мырза жетектеген “Аю групп” холдингинин курамында:
Artezian көп тармактуу суусундук ишканасы, Golden sun шире чыгаруучу ишканасы, Bulls.kg фермердик чарбасы, Kazgrain ишканасы, “Аю курулуш” компаниясы, “ОККО” тери заводу, “Голубая бухта” эс алуу жайы, “Ак сарай” фермердик чарбасы, Касиет комволдук фабрикасы, “Аю гранд комфорт” соода-эс алуу жана курулуш борбору, Кыргыз комволдук нооту комбинаты, Кара-Балта авторемонттук заводу, Tokmok bulls Жабык Акционердик Коому, “Аю финанс” кредиттик компаниясы, “Фарм трейд” дары ишканасы, Bearbeer сыра ишканасы, “Альфа-семена” айыл-чарба кооперативи, “Аю гарант” камсыздандыруу компаниясы, “Альфа-юсис” юридикалык ишканасы, “Коттон Текстиль Феттори” текстиль ишканасы сыяктуу дагы 20 ишкана учурда Кыргызстандын экономикасына кызмат кылып жаткан чагы.

Шаршенбек мырзаны бул ийгиликтерге жана бийиктиктерге жеткирген негизги сыр, бул анын талыкпас эмгеги жана эң негизгиси анын элден бөтөнчө ойлонуусу. Негедир кыргыз өндүрүшү тууралуу кеп кылгандар андагы ийгиликтер, айрыкча Шаршенбек мырзанын жогорудагы ишканаларынын Кыргызстанга жана анын экономикасына кошуп жаткан опол тоодой салымы тууралуу дээрлик сөз кылышпайт. Кантсе да биздин коомчулукта кемчиликтен башкасы көзгө илинбей калган заманда ийгиликти баса белгилөө кадыресе кыйынчылыкты жаратаары турган иш. Антсе да “Жакшыны жакшы дегенден жаак сынбайт” деген акылман аталарыбыздын накыл кебин эске алып, бүгүн кыргыздын дагы бир чыгаан уулунун эл-журтка, коомчулукка мактанып, жар салбастан кошуп жаткан чоң салымын азыраак болсо да белгилеп коюуну туура таптык.

Учурда “Аю групп” холдингинин карамагында 40 ишкана бар. Жалпысынан 10 миң адам туруктуу иш оруну жана жогорку айлык менен камсыздалат. Элестетип жатасызбы урматтуу окурман? Бүгүнкү кыйын заманда 10 адамга иш таап берип, айлыгын араң төлөп жүргөндөр деле көкүрөк каккылап жүргөндө мындай чоң салым кошкон адамды канчалык мактоого алсак да аздык кылат. Ал эми 10 миң адам иштеген ишканалар топтому мамлекетке канчалаган миллион сомдорду салык катары төгүп жатканын айта бере турган болсок гезит бети түтпөй калышы мүмкүн. Эмнеси болсо да Кыргыз өндүрүшүнө даңгыр жол салып берген Шаршенбек Абдыкеримовго миң алкыш айтып, ак жол каалайлы.

 

Булак: «Искра» гезити

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020