24 августа 2015, 09:46

Өкмөт мамлекеттик кызматкерлердин штаттык санын көбөйтүүгө мораторий киргизет

Өкмөт мамлекеттик башкаруу тутумундагы штаттын санын мындан ары карай жогорулатууга мораторий демилгеледи. Жакынкы арада мен мындай документке кол коем, деп билдирди премьер-министр Темир Сариев 21-августта өкмөттүн жыйынында.

«Министрлер кабинетинин мүчөлөрү тараптан жаңы, чакан, мамлекеттик башкаруу органдарынын жана мамлекеттик кызматкерлердин штаттык санын кескин кыскартууну караган жаңы түзүм иштелип чыгат», — деди ал.

Премьер-министрдин айтымында, республикалык бюджеттин 50% ашууну айлык акыга багытталмакчы.

«Бизде бир гана өнүгүүгө багыт алуу жолу бар, мында кайра иштетүүнү колго алып, өндүрүштү жаңыртуу керек, ушул ыкма менен гана бюджетти толтура алабыз. Бул жаатта губернаторлор активдүү иш алып баруусу зарыл», — деп белгиледи премьер-министр.

Т.Сариев ошондой эле дотациядан чыгып жаткан айыл өкмөттөрүн сыйлоо зарылдыгына токтолду. Анын айтымында, шыктандыруучу гранттардан каражат берүү принцибин өзгөртүү зарыл.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020