24 августа 2015, 12:03

Жаныбек Исаев, жаш ишкер: “Азыр сүйлөчү мезгил эмес, иштечү мезгил”

Чындыгын айтыш керек, учурда Кыргызстанда жаратман жаштардын жаңы мууну пайда болду. Же азыркы тил менен айтканда, топ-менеджерлердин калың тобу жаштарга тиешелүү. Булар, албетте, бир эле убакта бир нече тилди өздөштүрүшкөн, бирок, эл алдында, экран бетин бербей бакылдай берүүнү жат көрүнүш деп эсептешет. “Ар кимдин өз милдети, орду, функциясы бар, биз саясатчы эмеспиз, биз ишкербиз. Ишкерлер үчүн башкалар сүйлөп жатканда, иштеп алуу ыңгайлуу учур” дешет алар. Алардын бири, учурда “Артезиан” компаниясынын кеӊешчиси, бир катар жеке ишканаларда жетекчи болуп иштеген Жаныбек Исаев. Жаны тынбаган жаш жигитти эптеп маек берүүгө көндүрдүк...

-Жаныбек кыргыз жаштары жалкоо дегенге кошуласыңбы?

-Албетте, жок. Азыркы кыргыз жаштары мурунку муундун жалкоолугунан улам ушундай ахыбалга келгенибизди түшүнүп калды көрүнөт, иштерман болуп чыга келишти. Алыс барбай эле азыркы турмушту алалы, мейли шаарда болсун, мейли айылда болсун ишкерликке багыт алып, дүкөн, машине оүдоочу станция, чайхана жа кыш бышыруучу завод ачып, болбоду дегенде мал бордоп сатууну колго алгандардын баары жаштар. Азыр жаш муундун арасында биз суктанаарлык ишкерлер, мамлекеттик деңгээлдеги ишкерлер чыгышты. Ар бири өз алдынча ишкана түзүп, кээ бири 30 кишиге, кээ бири 300 кишиден 3000 кишиге чейин жумуш менен камсыздап, акырындап алып-сатуудан өлкөнү өндүрүшкө, чийки заттарды кайра иштетип, даяр продукция чыгарууга алып бара жатышат. Кызмат күрсөтүү, туризм тармагын азыр негизинен жаштар көзөмөлдөп калышты.

Ошондуктан, мен жаштарды жалкоо дегенге кошулбайм. Болгону, айрым мен курдуу жигиттер эңкейип колуна кетмен кармап, өзү аракет кылып кара жанын, андан ашса элин багайын дебей же мамлекеттик кызматтарга кирип, айлыгы аз болсо да тажрыйба топтоп, билимин өкмөттүк иштерге пайдалануунун ордуна “бийлик жаштарга орун бербей жатат, жаштар көңүл сыртында калды” деп куру кыйкырык салышууда. Мен аларга айтаар элем, азыр алма быш, оозума түш деп жата турган убак жок.

Азыр азыраак сүйлөп, көп иштей турган мезгил. Эгер сен иштеп, мээнеттенип, анан эмгегиңди кимдир бирөөлөргө жедирип жиберсең, ошондо анан кимдир бирөөгө док артсаң жарашат. А иштебей, жалкоолукту жеңе албай, кара жумушка барганды намыс күрүп, дароо эле галстук тагынып, кайыш креслого отурам дегендер жаңылышат.

Мисалы, мен Улуттук Университеттин престиждүү делген Кыргыз-Европа факультетинде адистигин алып жатып, түнкүсүн жүк жүктөөчү болуп иштегем. Ошол суук кампаларда түнү менен уйку көрбөй оор жүктөрдү жонго көтөргөн күндөр менин келечегиме жол ачты десем болот.

-Азыр сен көп тармактуу “АЮ” холдингинин бир тармагында сырткы байланыштар байланыштар боюнча кеңешчиси катары айтчы өндүрүшкө азыр кандай тоскоолдуктар бар?

-Башта айткандай, биз эгер чындап иштейбиз, бир нерсе өндүрүп сатабыз десек бут тосо турган тоскоолдуктар деле жок. Бирок, айрым мыйзамдарды майына чыгара кайрадан иштеп чыгууга жана мамлекеттик органдардын икешрлик чөйрөсүнө болгон мамилесин өзгөртүү керек болот.

Себеби, бүгүн өкмөт ишкерлерге башка өлкөлөрдөй мамлекеттик каржылоону бере албаган соӊ, алар ички жана тышкы инвесторлорду алып келип, же жеке донордук компаниялардан насыя алып ишти баштап жаткан соӊ салыктын бир катар жеӊилдетилген түрүн киргизиши зарыл. Болбосо азыр ишкерлер илгери үмүт менен кайсы бир жер тилкесин сатып алып, ал жерге завод салганы жатса, салыкчылар ошол эч нерсе салына элек, ишке кирип, товар өндүрө элек жерге эле салык чогултуп башташат. Андан соң, салынып жаткан курулушка, андан кийин алынып келинген жарак-жабдыктарга, сырьего салык төлөп жатабыз. Бул чыгымдар ишкер али пайда ал заводду же цехти ишке киргизип, бир нерсе өндүрүп, анан аны сатып салган акчасын чыгара электе эле мамлекетти бага баштады, бирок, өзү ачка калды деген сөз. Алыс барбай эле коӊшуларды алалычы, мен ишкерлик долбоорлор менен Казакстанга көп барам. Ал жакта сен жергиликтүү жумушсуз элди иш менен камсыз кылам, бюджетке салык төгөм, атамекендик продукция өндүрүп, элди камсыздайм десеӊ, өкмөт алдына түшүп алып жүгүрөт.

Ишкерлерге керектүү жерди, электрди, газды, сууну берип, а дегенде шартты түзөт да анан сенин ирденип алышыӊды күтүп, баштапкы эки-үч жыл жайына койот. Андан соӊ мен мамлекетке берген убадаңды аткарып, салыкты өз буагында жашырбай төлөп, кызматкерлерди коопсуз шартта иштетип, талаптагыдай продукцияны чыгарып бересиӊ. Ооба, аларга салыштырмалуу бизде газ, нефти жок, деӊиз жолунан алыспыз, жалгыз темир жол бар. Жаратылышыбыз да катаал, агрардык сектордон толук 100 пайыз пайда табабыз деп айтуу кыйын. Ошондуктан, бюджетибиз чектелүү болуп, ишкерлердин жеӊилин жерден алууга шарты келбей турат. Муну биз деле көрүп турабыз. Бирок, болгону бизге мыйзамдык базаны жеӊилдетип жана бюрократиялык мамилелерди азайтып, ыксыз текшерүүлөрдү ирээтке келтиришибиз керек.

-Инвестициялоо, насыялоо саясатына ичиң чыгабы?

-А дегенде, Кыргызстандагы каржылоо, анын ичинде ишкерлерге каржылык колдоо көрсөтүүгө токтолсом, албетте, азыр биздин банктар аркылуу берилип жаткан насыялар бул сени ирдендип, ишкерлигинди ордунан тургузуп кетүүгө толук кандуу туура келбейт. Себеби, биринчиден экономикалык шартка байланыштуу эл аралык донор уюмдар бизди кызыл чектеги мамлекеттердин катарына кийирип койгон. Бул деген эртеӊ салган акчаӊды чыгара албай калышың мүмкүн, анткени, өлкөдөгү саясый кырдаал стабилдүү эмес, ишкерлик мамлекет тарабынан толук корголуп кепилденген эмес. Ушундан улам биздеги банктар насыяларды үстөк пайызын жогору коюшат жана төлөө шарттарын кыска мөөнөткө жана жеүилдетилген шарттарсыз сунуштат.

Айла жок, албасаӊ ишкана ачууга баштапкы каражат жок, алсаӊ, ал өзүн актабай калуу коркунучу бар. Ушундан улам акыркы учурларда ишкерлер кадимкидей кыйналып, курулуш чекесинен токтоп, жеңил өнөр жайы да мурдагы темпинен кыйла түшүп кетти. Бул го ишкерлик тармагында болуп туруучу көрүнүш.
Бирок, мындан да кейиштүү жагдай бар. Ал айыл жериндеги жумушсуздук, дыйкандан менен фермерлердин мээнети акталбай жаткандыгы. Мунун кесепетинен жергиликтүү калк насыя берген чакан компаниялардын көзүн карап отуруп, ого бетер кедейчиликтин сазына батышууда. Азыр бир айылда бир насыя компаниясы болсо, элдин баары ага карыз, ал тургай экиден, үчтөн насыя алган үй-бүлөөлөр бар экен. Ошонун айынан малынан ажыраган, тамын тарттырып жиберген, анан анын арты үй-бүлөөлүк чатакка жетип, ажырашуулар болууда. Бул көрүнүш мага 2008-жылкы Казакстанда өткөн кризисти эске салат. Анда билесиӊер, казакстандыктар түтүнмө-түтүн насыя алып, мамлекетке карызы жоктор дээрлик жок экен. Үйүндөгү кашык-чынысынан өйдө насыяга алган казактар ошол кризистен кийин насыя дегенде жүрөктөрү шуу дейт.

Биз дагы ошондой катаал мезгилди көрбөш үчүн, алдын-ала аракет жасап, калкты жумуш менен, социалдык камсыздандыруулар менен жеткилдиктүү камкордукка алышыбыз керек. Бул үчүн саясатты өзгөртүп, экономикалык секирик жасоо керек болуп турат.
-Ишкерлер ишкерлиги менен, саясатчы саясаты менен болуш керек дегенге кандай деп жооп бересиң?

 

-Саясатчы кандай болуп жаралат? Албетте, саясатчынын баары эле саясат таануу билимине ээ болуп, андан эле саясатка кирип кетпейт да. Алар деле турмуштук, кызматтык бийиктиктерди багындырып отуруп, анан кезеги келгенде саясаттын чордонуна түшөт. Демек, бул жагынан алганда ишкерлер саясатка барбашы керек дегенге кошулбайм. Чындап караган кишиги так ушул ишкерлер баардык тепкичтерди басып өткөн, тагыраагы, мамлекеттик баардык органдар менен тыгыз кызматташып, алардын бурушу менен дурусун өз жон териси менен сезген адамдар.

Мисалы, мен эмгек жолумду жөнөкөй жүк ташыгычтан баштасам, кийин “Аю” компаниясынын өндүрүшүндө болдум, продукция кандай кыйынчылыктар менен кандай процесстерден кийин даяр болоорун көрдүм. Андан кийин сатуу бөлүмүнө өттүм, анда ички конкуренция, маркетинг, менеджмент деген татаал тармактарды өздөштүрдүм. Кийинчерээк, компаниянын сырткы байланыштары тарабын башкарып, ишкананын продукциясын сыртка импорттоонун түйшүгүн тарттым. Далай инвесторлор менен иштештим, алардын чарбалары менен тааныштым, бизге алып келип, долбоорлолрду ишке ашырдык. Ушун баары дээрлик саясат менен коштолуп, ар бир кадамды мыйзамдык алкакта, мамлекеттин пайдасына жасап жатып, көп нерсеге көзүм каныкты.

Андыктан, мен куру сөз менен эмес, иш менен саясатты жасай алам. Ал ортодо, дээрлик эки жылдай Жогорку Кеӊештин депутатына жардамчы болуп, мыйзам долбоорлордун ар бирине үңүлүп, кагаз ташып иштегем.

Демек, ишкерлердин идиректүүлөрү сөссүз саясатка келиш керек деген көз караштамын. Анткени, алар саясатчылардан айырмасы, ар бир долбоорду, ар бир мыйзамды жазаарда анын элге, мамлекетке канчалык пайда алып келээрин алдын ала анализдеп туруп жазат деп ойлойм. Азыр бизде суу байлыгы, баалуу кендер колубузда турат. Тоо-ташыбыздын баары эле курулушка керектүү заттарга бай, туризмди гүлдөтө турган аймактабыз. Бирок, өкмөт начар менеджер болгондуктан, ушул кыйналып турган кезде ошолорду иштетүүгө жолдорду таппай турат.

Мисалы, бизде азыр кооз жаратылышыбызды, курорттук зоналарабызды чет өлкөлүк туристтерге талапка ылайык сунуштаганды, кызыктырып, маркетингдин жолдору менен кен байлыктарыбызга кубаттуу инвесторлорду тартканды да билбей жатабыз. Эгер, элди, улутту ойлогон, чыныгы мекенчил ишкерлер келсе, ушул кемтикти толтураарына шек жок.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020