24 августа 2015, 14:37

Кубан Мырзаканов, ишкер: “Биз элдин түшүнүгүн өзгөрткөн саясат жасашыбыз керек!”

-Кубан мырза, бир топ жыл мамлекеттик кызматтарда, андан соң жеке тармакта да иштепсиз. Экономист катары айтыңызчы, деги биз оңолобузбу же жоголобузбу?

-Экономист катары, мамлекеттик да, жеке чарбалык кызматтарда иштеген тажрыйбалуу жаран катары Кыргызстандын кыйналып турганына ичим ачышат. Өлкөнүн өнүкпөй жатканынын бир нече себептерин көрүп турам, аны чечүүнүн да жолдору бар. Мен сөз кыла турган нерсе мамлекет өз колунда кубаттуу байлыгы- суусу, ташы, тоосу туруп, алыскы да, жакынкы да коӊшулар менен теӊ ата сүйлөшө албаганыбыз кээде арданам.

Айрыкча, “Кыргызгаз” ишканасында иштеп турган маалда, миң жылдык коңшуларыбыз каалаган учурда газды бууп, өздөрүнүн шарттарын коюп туруп алганда, министрлери менен премьер-министрлерине түз чыгып сүйлөшкөн учурлар болду. Ошондо бийликтин өз мүмкүнчүлүгүн пайдалана албаганына далай жолу күбө болдум. Эмнеге биз жер карашыбыз керек, эмнеге биз суранышыбыз керек? Бул суроолор дайыма мени жооп издөөгө түртчү.
Ооба, бизде газ, нефти жок. Бирок, ошол эле жок, калган байлыктын баары бар. Эгер, Кыргызстандын өкмөтү сырттан келген миллиондогон гранттарды багыттуу пайдаланып, аны социалдык күнүмдүк маселелерди чечүүгө жумшай бербей, аны келечектүу долбоорлорго салса, эчак эле өндүрүш шартылдап ишке кирмек. Чийки жашылча-жемишти кайра иштетүүчү, азык-түлүк даярдоочу, этти, жүндү, терини кайра иштетүүчү, кендерди иштетүүчү завод-фабрикаларды курсак, жумушсуздукту да жоймокпуз, бюджет да кубат алып, атамекендик ишканалардан арбын киреше алмак. Андан соң биз сырттан карыздап акча сурабай эле акырындык менен ГЭСтерди куруп, энергетикалык көз карандылыктан бошонуп кетмекпиз. Бирок, муну биздей көзү деткен адамдар саясый эрк менен ишке ашырбаса, буга чейин жасалган жок. Азыр бизде газ болбогону менен өзөн толо суулар, Кара-Кече сыяктуу чети оюла элек кендер турат. Эгер эртең Камбар-Ата-1,2 жана Жогорку Нарын ГЭСтерин толук бүтүрүп алсак, Кара-Кеченин көмүрүнөн электр жана газ алууга жетишсек, мамлекетти аймактагы эң кубаттуу мамлекет кылат элек. Бирок, ар кимге ишенип отуруп мунун баары кечигүүдө.
-Мына, ББга кирсек эле жыргайбыз дечү элек, акыры кирдик. Эми ушул күздө биздин дыйкандар киреше табабы же дагы сызга отурабы?

- Ырас, чоң интеграциялык айланпанын ичине кирип баратабыз. Бул бир жагынан бизге абдан керектүү шарт. Эгер, биздин бийлик жоопкерчилик менен буга мамиле жасап, убакыттан уттурбай тез арада санэпидемиялык көзөмөлдү ордуна койсо, ветеринардык кызмат мамлекеттик деңгээлде иш алып барып, бүт республиканын эпизоотикалык коопсуздугун колуна алса, эл аралык стандарттагы логистикалык жайлар иштеп, биздин сыртка чыгара турган, таза, нукура азык-түлүктөр сапатынан шек санатпай турган болсо, анда Кыргызстандын өнүгүүгө бет алганы ошол. Анда биз ирденип кете алабыз, себеби, биздин Көлдүкүндөй алма, Баткендикиндей өрүк, Нарындыкындай эт менен Оштукундай күрүч, Жалал-Абаддыкындай жаңгак дүйнөдө жок.
Бирок, өкүнүчтүүсү бизде азыр айыл чарбасы деген таптакыр эле кирешесиз тармак катары каралбай калбадыбы. Бүтүндөй бир министрлик, андан тышкары бир нече департаменттер, кызматтар иштеп жатканы менен биз бүгүн айыл чарбасынан эмнени таптык? Дыйкан-фермерлерге заманга жараша техникалар менен камсыздай алдыкпы, замабап агрардык технологияларды алып келип үйрөттүкпү, жашылча-жемиштин жаңы уруктарын алып келип өздөштөрүп, асыл тукум малдын башын арбытууга аракет кылдыкпы? Албетте, жок.
Демек, биз саясатты,аны менен кошо элдин түшүнүгүн өзгөртүүгө тийишпиз. Ал үчүн биз мыйзамдарды азыркы шартка базар экономикасынын баштапкы шарттарынан интеграциялашкан экономикалык шартка алып келүүбүз керек. Мамлекет алды менен айыл чарбасын реформалап, дыйкандар менен фермерлерге насыя гана берип тим болбой, алардын өндүргөн продукциясын сатып алуу кепилдигин бериши керек. Ошондо гана жерге эгин себээрин сээп алып жайы менен кудайлап чыкчу дыйкандарга дем беребиз, алар айдоо аянттарын кеңейтет, асылдандырылган жашылча-жемиштерди айдап, бизде чийки сырьенун көлөмү артат. Мындай болгон соң, чийки продукцияны экспорттоочу, жөн эле чийки бойдон дүңүнөн сатууда пайда аз болоорун түшүнүп, кайра иштетүүчү өндүрүш пайда болот.

Эгер ушул эки эле жолду ордуна койо турган болсок, анда биз опол тоодой жүктөрдү моюндан алгандай болобуз. Себеби, айыл жериндегилер жалкоолукту таштап, эртеден кечке талаада эгин эгип, мал багуу менен аракеттенет. Завод-фабрикалар ачылса жумушсуздук кыскарат. Жумушсуздуктан келип чыккан насыя алып карыз болуу, ичимдикке берилүү, ар кандай диний агымдарга берилүү токтойт. Элде позитив пайда болот.

-Кыргызстан элди кызыктыруучу дагы кандай шартты көрүп турасыз?

-Кыргызстан бейиштей болгон кооз өлкө. Биздин жаратылыш тумандуу Альбионду,Түркиянын Антальясын, Арабдардын Дубайын артка калтырат. Бирок, биз даяр жаратылышты жасап-түзөп, кең дүйнөгө эшигин ача албай жатабыз. Туризмдин талабы эмне? Бул өлкөдөгү тартип, тазалык жана мыкты тейлөө. Ушул өч эле жөнөкөй эрежени биздин өкмөт камсыз кылууга, калкты туризмдин шарттарына жооп бергендей мамиле кылууга жеткирүүсү керек.

Эгер биздин эл саякатчыларга кучагын эле кең жайып тим болбой, аларга керектүү шарттарды түзө билсе, аларды карактабаса, тонобосо, алдына ат десе ат, велоспед десе велоспед, жол тандабас десе жол тандабасты туура тартып, тазалык менен тартипти сактасак, Кыргызстанга миллиондогон туристердин агымын бура алабыз. Азыр дүйнө эли ысык өлкөлөрдөн жана жасалма туристик жаратылыштан тажап, эстетикалык ооздукка, таза табиятка, тагыраагы так эле биздикиндей өлкөлөргө кызыгып турган чагы.

Бул биз үчүн чоң мүмкүнчүлүк.

-Баса, Сизди чоң саяпкер деп угабыз...

-Кыргыздын жаны ай туяктуу жылкы баласы менен бирге. Жигиттин куралы камчы, досу күлүк ат болгон. 1995-жылдары болсо керек эле, жакын досум күлүк таптачу, аламан жарышка мени ээрчитип барып калды. Ошондон бери мен ат менен “ооруп” калдым. Азыр таза кандуу кыргыз күлүктөрүнөн тартып, Европадан асыл тукум жылкыларды алып келгенге чейин жеттим. Атайын чарба уюштуруп, асылдандырууну улантып жатам. “Ат сыйлаган жөө калбайт” демекчи, саяпкерлик аракетим текке кеткен жок.

Менин күлүктөрүм Бишкек менен Алматыдагы, Астана менен Шымкенттеги чоң жарыштарда алдыга озуп чыгып, кыргыз намысын бийик көтөрүп жатты. Баш аягы 10дон ашык авто уунааларды, далай сыйлуу байгелерди, акчалай каражаттарды бөктөрө чаап келе жатам. Чындыгында, кыргыздарда азыр күлүк атты асыроо жалпы адатка айланып баратат. Жорго салышта, көк бөрү тартышта кыргыздардын аттары алдына ат салбаса, күлүк чабууда казактар күчтөнүп баратат. Буга алар өтө чоң суммадагы акчаларга Европанын эң кымбат аттарын сатып келип жаткандыгы деле себеп эмес, болгону эле, ошол аттардын 90 пайызын кыргыз саяпкер жигиттер таптап, чубатууга алып чыгып жатканы.

-Ошончо байгеге ээ болуп жүрсөңүз, айылдаштарыңыз ат байгеден кур калбаган чыгар?

-Жети атам кетментөбөлүк болсо да, ата-энемдин ишине байланыштуу алыскы Атбашыда төрөлүп, Караколдо мектеп босогосун аттап, кийин орто билимди Таластан аяктап, билимимди андагы Фрунзе ден уланткан кызык өмүр баяным бар. Ошентсе да туулуп-өскөн Токтогулдун Сары-Сөгөт айылына 8 млн. сомдук каражатка мечит куруп, айылдагы мектептин жылуулук системасын жаңыртып, Кишен суусун кесип өткөн көпүрөнү куруп бердим.

Албетте, сен канчалык бийиктесең элиңе ошончолук жапыздашың керек. Элетти биз көтөрбөсөк, ким көтөрөт?

Андыктан, айылдаштарымдын суранычын жерге таштабай, жолдорун салып, көчөлөрүн түздөп, жайлоого, карьерге кетчү жолдорду калыбына келтирип, жыл сайын мыкты деген 80 окуучуга өз атымдан стипендия тапшырам. Спорттук салттуу мелдештер да үзгүлтүксүз өтүп турат. Жакыр үй-бүлөөлөргө каралашып, иши жокко иш таап, колумда бар жардамымды берем. Исламда, “бир колуңдун бергенин экинчи колуң билбесин” деген аят бар экен, андыктан, мен анын баарын айтып мактангым келбейт, бул Кудай берген ырыскыны туура бөлүштүү деп түшүнөм.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020