24 августа 2015, 15:14

Барчын Туташбай кызы, жеке ишкер: “Апамдын жоктугу - орду толгус арманым”

Кыргызда “энеден кийин төркүн жок” –деп айтылат эмеспи. Дүйнөдө энеден ажырап, элесин издеп, баскан-турганын сагынып, колдонгон буюмдарын кармап кусалангандан өткөн азап жоктур. Бүгүнкү каарманым, жеке ишкер Барчын Туташбай кызы да дал ушундай күндө жашап жүргөнүн айтат. “Жакшы тамак жасасам, же үйдө туугандар чогулуп калганда, балким жакшы кийим көрүп калсам деле апамды эстеп өкүнүп калам. Балким тирүү болсо... деген ой мени кыйнап, эзип келет. Балким тирүү болсо азыркы биздин жетишкендиктерди көрсө жакшы болбойт беле деген арман менен жашайм.

Апамды эстебей калган күн болгон эмес. Анткени апам "экинчи Курманжан датка" дегендей эле бар болчу” –дейт көзүнөн жашы төгүлгөн каарманым. Апасын эскерип олтурган каарманымдын сөзүнө көңүл буруңуз окурман.

"Апам юрист, мээримдүү эне, мамлекеттик кызматкер болчу"


Апам Токтокан Самидинова кереметтүү, бийик тоолуу Алайкуунун кызы болчу. Мектепти бүтүп, Жалал-Абад шаарындагы педагогикалык окуу жайдан билим алыптыр. Кийип Бишкекке келип юридикалык билим алган. Ошол окуп жүргөн убагында атама турмушка чыгыптыр. Атам башкы дарыгер болуп көп жыл иштеген адам, азыр 75 жашка чыкса деле иштеп жүрөт. Апам Ош шаарында юрист болуп иштеп жүргөндө атамды башкы дарыгер кылып Гүлчөгө которуптур. Апам да кошо кетип жооптуу катчы болуп көп жылдар иштеди. Кара-Кулжада да жооптуу катчы болуп иштеди.

Андан кийин архивде иштеп жүргөн кезинде 58 жашында эч нерсени көрбөй өтүп кетти.

"Башкача адам эле"

Таятам согуш жылдарынын алдында башкарма болуп иштеп турган кезинде согушка кетип кайтпай калыптыр. Атасы жок чоңойгондуктан апам бизди башкача алпештеп багып өстүрдү. Мен азыр балдарыма андай көңүл бура албайм. Апам ошондой чоң кызматта иштесе дагы бизге сөзсүз көңүл бурчу.

Атам менен апам ишемби, жекшемби күндөрү сөзсүз түрдө тоого бизди алып чыгып, суунун жээгине тамак жасап бизди эс алдырып келишчү. Өзү юрист болгондуктан тартипти да темирдей кармачу. Өзүнүн эле бир туугандары "прокурор абжем" деп коюшчу. Өзү көп сүйлөбөгөн, сөздөрдүн гүлүн терип таап сүйлөгөн адам эле. Бизди тарбиялагысы келсе колун көтөрчү эмес. Дайыма классикалык стилде узун боюна жараштырып сонун кийинчү. Апамды айылдагылар "экинчи Курманжан датка" деп коюшчу. Качан болсун апамдан кеңеш сурап, айткан акылдарын көп угушчу. Китеп окуганды өтө сүйчү. Үйдө абдан чоң китепканабыз бар эле. Эртең менен ойгоно калып китеп окуп, жатаарда да китеп окуп жатчу. Апамды мен "тирүү энциклопедия" деп койчумун. Кандай гана суроо болбосун апам кеңеш бере алчу.

Адамкерчилик, дыйканчылык кайсыл гана тармакты айтпа, сөзсүз кеңешин бере алчу.

Үйдүн алды дайыма гүлзар болуп турчу

СССРдин темирдей тартибинде иштеп жүрүп да апам үйгө келип биздин курсагыбызды тойгузганга жарачу. Түштөнүүгө келе калып тамакты бат эле бышырып берип, жада калса он мүнөт уктап алайын дечү. Убактысында кайра жумушуна кетип калчу. Эч убакта убакытын текке кетирчү эмес. Баарын туура пайдалана билчү. Мисалы кышында туруп от жагып, тамакты даярдап, ортодо китепти окуганга жетишип, жумушуна даяр болчу.

Апам кол өнөрчүлүгү да бар эле. Атама көйнөк, бизге да көйнөк тикчү. Сайма сайчу. Жайкысын эртең менен турсаң сонун кыямдарды жасачу. Сатып жегенче өз колубуздан чыкканы жакшы деп өз огородубуздан үзүп жегенди жактырчу. Алма, малина, картошка баарын айдачу. Эшиктин алды гүлзар болуп турчу. Роза гүлдөрүнүн түрлөрүн, пионду жакшы көрүп өстүрчү. Эрте жаздан баштап кеч күз кар жааганга чейин эшиктин алды гүлзар болуп гүлдөп турчу. Мисалы мага телефондон тамак жасаганды айтып турчу. Нан жапканды, боорсок жасаганды үйрөткөн. Атам менен апамды сүйүндүргүм келип биринчи классты аяктап жатканда бир күнү түшкү тамакка "Мастава" тамагын жасагам.

Апам, атам экөө аябай сүйүнүп өздөрү эле келбей досторун ээрчитип келип аябай сүйүнүшкөндөрү көз алдымда турат.

"Ата-эне менен бир тууганды таппайсыңар, калганы табылат" дечү

Апам кээде убактысы болуп калганда ооз комуз чертчү. Ошол ооз комузу азыр менде бар. Апамдын кармаган буюмдары азыр мен үчүн ыйык. Жада калса кийимдерин да азыр кээде мен кийип калам. Дайыма биз чогуу олтуруп калганда "күйөө, аял табылат. Бирок ата-эне, бир тууган табылбайт" деп көп айтчу. Өзү өгөй атанын колунда, эркек бир тууганы жок болуп калгандыктан бизди ынтымактуу болсун, биримдикте болсо деген ой максат менен айтса керек.

"Акыркы жолу кыйналып атса да насаатын айтты"


Ооруп Бишкекте ооруканада болчу. Биз ооруканадан чыгаргандан кийин "Апа, биз менен Ысык-Көлгө барып келбейсизби?" десем "Жок балам, мени айылга эртерээк жибер, жаман түш көрдүм. Ысык-Көлгө бара албайм" –деди. Атам да телефон чалып "балам апаңды жибер, жаман түш көрдүм" деп калды. Жаштык кылып жаман ойлобой апамды учактан узатып кала бердим.

Ысык-Көлгө барабыз деп биз камынганча арадан бир жумадай убакыт өтүп кетти. Көлгө кетели деп камынып жатсак улуу агам телефон чалып "Барчын, келбесең болбойт, кичине катуурак" деди. Биз бардык. Ушунчалык улуу адам экенин ошол өлүм астында да көрсөттү. Баарыбызды чогултуп, акыл насаатын айтты. "Атаңардын жакасы кирдебесин. Ынтымакта болгула" деп жакшы сөздөрүн айтып баарыбызды каратып туруп узап кете берди.

"Мен бат эле картайдым"

Мен үчүн дүйнөдө мындай чоң арман болбостур. Апам жок болгондон кийин үйдүн баары жетим калгансып кыйналдым. Үйгө кирсем баары муздак, суук көрүнөт. Казактардын "анасы бар адамдар эш кашан картаймайды" деген сөзү бар эмеспи. Бул өтө туура сөз. Мен апама толук эркелей албай калдым. Менин жакшылыктарымды көрбөй калганына өкүнөм. 24 жашымда апамдан ажырап бат эле картайып калдым окшойт. Кайда эс алып барсак да, жакшы тамак жасасам деле апамды эстей берем. Апам тирүү болуп ушуларды көрсө болмок, биздин ийгиликтерге кубанса жарашмак, сыйыбызды көрбөй калды деп арман кылып турам. Апамдын ордун эч ким эч качан толуктай албайт.

Жүрөгүмдү өрттөгөн ушул күйүт, бүгүн апам менин маңдайымда жок. Кудайдын кылганы да кантели. Апамдын жайы бейиш болсун деп Кудайга жалынгандан башка аргам жок.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020