24 августа 2015, 16:09

Канатбек Азиз: 11 партия талапкерлердин тизмесин берди

11 саясий партия депутаттыкка талапкерлердин тизмесин берди. Бул тууралуу, "Кабарларга" БШКнын шайлоо документтерин текшерүү жана кабыл алуу боюнча жумушчу тобунун жетекчиси Канатбек Азиз билдирди.

Анын айтымына караганда, "Улуу Кыргызстан", "Замандаш", «Ата Мекен», «Бир Бол», «Өнүгүү-Прогресс», «Ар-Намыс», «Азаттык», «Республика Ата Журт», «Аалам», "КСДП", «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» партиялары депутаттыкка талапкерлердин тизмесин тапшырды.  

Эртең, 25-августта партиялар талапкерлердин тизмесин жана 5 миллион сомдук шайлоо күрөөсүн толугу менен бериши керек.

Ал эми, 25-августтан 4-октябрга чейин БШК талапкерлердин тизмесин текшерет.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген.

 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020