25 августа 2015, 09:08

Премьер-министр Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун директорун кабыл алды

Премьер-министр Темир Сариев Өкмөттүн алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жаңы дайындалган директору  Марат Калиевди кабыл алды.

Бул тууралуу, Өкмөттүн басма-сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Темир Сариев Марат Калиевдин алдында ишке ашыруусу керек болгон бир катар милдеттер турганын билдирди. Анын эң негизгиси катары Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте бул тармактагы кызмат көрсөтүүнү сапатын жогорулатуу, эне жана балдардын өлүмүмн кыскартуу боюнча аракети көрүү жана бул жааттагы мыйзамсыз акча чогултууларды жок кылып, иретке сала турганын Премьер-министр билдирди.

Өз кезегинде Марат Калиев Премьер-министр таккан милдеттерди так аткарып, бул тармакта сапаттуу өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу убадасын берди.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020