25 августа 2015, 09:18

Сариева шайлоого катышуудан баш тартты

Билим берүү жана илим министри Элвира Сариева шайлоого катышпайт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

"Биздин партия шайлоого катышууда мени абдан колдоп, ЖКга  талапкерлердин тизмесинин 16-катарына киргизди. Бирок, менин командам билим берүү тармагында жаңы гана ишин баштады жана алгачкы жыйынтыктарыбыз бар. Буга чейин эч ким жасай элек иштерди баштадык. Ошондуктан, баштаган иштерди аягына чыгарууну чечтим. Жаңы окуу жылынын башталышында ЖОЖдордо жана илим тармагында маанилүү өзгөртүүлөрдү аягына чыгарышым керек", - деди Э.Сариева.

Эске сала кетсек, парламенттик шайлоо 2015-жылдын, 4-октябрында болот.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020