25 августа 2015, 10:14

Мөөнөт аяктады

Борбордук шайлоо комиссиясынын эрежесине ылайык, шайлоого катышууга ниеттенген партиялар 20-августка чейин курултайга чогулуп, талапкерлердин тизмесин аныкташы зарыл эле. Ал эми тизмени тапшыруунун акыркы мөөнөтү 25-ав­густ. 4-октябрда болчу шайлоого катышуу үчүн алгач 30дан ашуун партия арыз берген.

Борбордук шай­лоо комиссиясы алардын ичинен тийиштүү талаптарды аткарган 11 пар­тия гана шайлоого катышары күтүлүп жатканын маалымдады. 30 партия­нын ичинен КСДП, «Ата Мекен», «Республика - Ата Журт», «Бир Бол», «Ар-Намыс», «Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Замандаш», «Азаттык», «Бүтүн Кыргызстан - Эмгек» жана «Мекен Ынтымагы» партиялары курултайларын өткөрүп, тизмелерин элге жарыялаган.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020