25 августа 2015, 10:44

Айылчы Сарыбаев, экономика илимдеринин доктору: “Бабанов саясатчы эмес, бизнеске шыктуу жигит”

- “Республика – Ата журт” партиясынын тең төрагасы Өмүрбек Бабанов убагында ишкер Валерий Хондун менчигин тартып алганын жана “АКБ Кыргызстан” банкын кандай жолдор менен өзүнө каратып алганы айтылып жүрөт. Сиз үчүн Бабанов ким: ишкерби, бизнесмен баскынчыбы же саясатчыбы? 

- Бабанов эл арасында чоң бизнеске ээлик кылаары, ошол эле учурда Кыргызстанда эң көрүнүктүү акчалуу адам экени айтылып жүрөт. Валерий Хон менен кандай талашы бар экенин билбейм. Бирок, бир учурда ММКлар аркылуу бул тууралуу бир топ чуулгандуу маалыматтар айтылган. Так бул тууралуу маалымат билбей туруп айтууга болбойт.

- Бабанов 400 млн. долларлык бизнесин Россиянын Пенза облусунда ачканы маалым. Кыргызстан ушундай каржылык кризисти башынан өткөрүп жатканда Бабановдун башка мамлекетке инвестиция салып жатканын кандай баалайсыз?

- Бул Бабановдун 400 млн долларлык бизнеси болсо, аны Кыргызстанда ачып, элди жумуш менен камсыздаса жакшы эле болмок. Ал эми бизнести дүйнөлүк базарга жүгүртүүдө кыйынчылыктар болуп калат. Ошондуктан Өмүрбек мырза бизнесин Пенза шаарында ачкан болушу мүмкүн. Негизи эле ар ким кайда бизнес ачарын өздөрү билет. Бирок, мамлекетке күйгөн киши катары, саясатчы катары биринчи орунга мамлекеттин кызыкчылыгын коюшу керек.

- Бизнесте бутуна туруп миллиардер атыккан Бабановдун буга чейин кайрымдуулук иштерин жасаганын уктуңуз беле?

- Бул боюнча, так бул жерди колдогон, же демөөрчү болгон деген бир да маалыматтарды уга элекмин. Бирок, ошончо миллиондорго ээлик кылып жаткан Бабанов жардам бергендир кимдир бирөөлөргө , аны так билбейт экенмин.

- Өз акчаларын башка мамлекетте жүгүртүп ошол мамлекеттин экономикасына салымын кошуп жаткан адам Кыргызстанда бийликке келип, эл үчүн ак иштеп бере алабы?

- Бабанов эч убакта бийликтин кишиси эмес, саясатчы да эмес, ал болгону бизнеске шыктуу жигит. Ар бир адамдын ар кандай чөйрөдө шыгы болот. Бабанов бийликке келсе, элдин кыйналып жүдөп турганынан сезгенип таасирленип, бийликке келбейт. Ал келсе бизнесин коргоо үчүн, же ага жол ачуу үчүн, жогорулатууну максат кылып келет. Негизи акчасы көп  кишилер, саясатты хобби катары көрүшөт. 

 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020