25 августа 2015, 11:49

«Ата-Мекен» партиясы шайлоо алдында гана убада бергенге маш, аткарганга келгенде коркокпу?

«Ата-Мекен» лидери Өмүрбек Текебаев 2010-жылдагы парламенттик шайлоонун алдында «уюшкан кылмыштуу топтордун атасын таанытып, смотряший дегендердерди жок кылам» деп опурулганы маалым. Бирок, анын жүзөгө ашуусу кыйын болду. Себеби аталган партиянын катарынан дал ошондойлордун изи чыгып калып, уят болгону бар. Эми дагы шайлоо босогого келип, партия лидери тизменин алдыңкы сабына акчалуулар менен артында тарапташтары барларды тартып атканы белгилүү болуп туру. Бир убакта өзү соттолгон адамдардын кызматка келүүсүнө катуу каршы чыкса, азыркы тапта андай адамдар аталган партия бирөө гана эмес. Ошондон улам «Ата-Мекен» партиясына ишенбей тургандыктарын билдиргендер арбын болуп баратат.

Төмөндө биз ушул багытта карапайым адамдардын пикирин уктук.

 

Эрлан Жумгалбек уулу, студент: “Ата-Мекен” убада бергенди гана билет экен...”

- “Ата-Мекен” партиясы көп жылдан бери айткандарын, берген убадаларынын бирин да аткарбай келет. Ошондон улам менде ишенбөөчүлүк пайда болгон. Албетте, партия лидери Өмүрбек Текебаевдин саясаттагы орду чоң. Аны мурда катуу сыйлап келгем. Бирок, 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо берген убадаларын аткарбай, жалаң гана саясый оюндар менен алектенип отуруп алганы мендеги ишенимди өчүрдү. “Кумтөр” маселесин да шайлоо жакындаганда гана көтөрүп чыга калды. Болбосо ага чейин, тактап айтсак 2012-жылы Садыр Жапаров бул маселени көтөрүп атканда, үн кошуп койсо болот беле? Болот болчу. Бирок Текебаев үчүн бул пайдалуу болбосо керек эле.

 

Бекбосун Алмамбет уулу, куруучу: “Партияда Бакиевдин куйруктары бар”

-Бул партияда канкор Бакиевдин куйруктары бар. Канча жылдан бери криминал менен күрөшөм деп келген Текебаев тилекке каршы мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевди качырганда үн катканын көргөн жокпуз. Албетте анын партиялашы жаш депутат Бактыбек Калмаматов бул багытта ачуу сөздөрдү айтты.

Бирок, ал азыркы тапта аталган партиянын тизмесинен табылбай калды. Ошондон улам Текебаев Кыргызстандын келечегин кымындай да ойлобостугуна көзүм жетип, добуш бербөөнү чечтим. Баса, дагы бир кошумчалай кетүүчү нерсе – анын партиясынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, “Жин” каймана атындагы адамдын Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты болгонун ММК булактары жазып чыкпады беле? Демек, Текебаев уюшкан кылмыштуу топ менен ушинтип күрөшө турган болсо, анда ибзге андай партиянын кереги барбы?

 

Бактыгүл Разакова, чач тарач: “Мигранттардын бир да маселесин чечкен эмес”

-Мен Орусияга барып иштеп, жакынкы аралыкта эле келдим. Ошол учурда Текебаев Орусияга барып, куру сөздөрүн айтып кеткен эле. Ошол сөздү эмнеге мурда айткан эмес? Эмнеге шайлоого жакын келип калганда гана бара калып “Жыргатабыз” деп жатат деп көпкө ойлондум. Көрсө шайлоонун алдында оюн кылып, биздин башыбызды айлантканы келишиптир. Чындап эле мигранттарга күйсө, буга чейин эле мигранттардын маселелерин чечмек да.

“Ата-Мекен” партиясы сөздөн ишке өтпөсүнө толук көзүм жетип, добуш бербөөнү туура көрдүм. Анын үстүнө алар Россиядагы мигранттардын бир кичинекей тобу менен кызматташып алып эле, “жалпы мигранттар бизди колдоп атат” деп ачык алдап чыгышты. Көз көрүнөө ушинтип алдап атышкандар, көшөгө артында эмнелерди кылышы мүмкүн?

Мираида Кемелканова, Өрнөк айылынын тургуну: “Иштеген партия керек”

-Дайыма жаңылыктардан көргөндө “Ата-Мекен” партиясы бир нерсе кылды деп көрө элекмин. Бирок чогулуш өткөрдү, жыйын өткөрдү деп угуп калам. Бизге жыйын өткөргөн эмес, иштеген, кыргыздын келечегин ойлогон партия керек. Экинчиден, “Ата-Мекен” партиясы азыркы шайлоонун алдында өзүнүн позициясынан чыгып кетти. Азыр анын тизмесин карасак, соттолгондору да, ар кайсыл партияларга чуркап жүрүп келгендери да, мурда коррупцияга каршы күрөшүп жүрүп, өзүнүн күйөөсүнө келгенде күрөшө албай калгандары да жүрөт.

Кызыгы Мырзакматов менен Салянова экөө катар жайгаштырылган экен. Муну кандай түшүнсө болот? “Бизде коррупционер да, коррупцияга каршы күрөшө турганы да бар, экөө бар жерде сөзсүз күрөш болот” дегениби? Тескерисинче экөө тең болгон жерде көшөгө артындагы сүйлөшүүлөр болуп, коррупция күчөп кетпейби?

 

Эламан Мүсүралиев, ашпозчу: “Принциптери жок”

- “Ата Мекендин” принциптери жакпайт. Бир карасаң тиги жакта, бир карасаң бул жакта. Мындай саткынчылык кылып, мандатка жетүү үчүн душмандары менен биригип, принциптен тайганы жаккан жок. Булар мамлекеттин башына кыйынчылык келсе, сатып эле кетишет. Шайлоонун алдында жаңы конуштардын тургундарына чейин барышып, “мыйзамсызбасып алган жерлериңерди мыйзамдаштырып берем” деп убада кылганын уктук. Ушул да мыйзамды сыйлаган адамдын жасай турган ишиби? Анда Кыргызстанда бош жербей калбай бардыгын басып алышат го.

Анан аларды да Текебаев мыйзамдаштырып береби? Ошондо биз кантип өнүгөбүз? 

 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020