25 августа 2015, 14:37

Улук Кадырбаев «Кыргызстан» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү болуп катталды

- Эмне себептен таза жана ийгиликтүү адамдар саясатка барышы керек. Бир тарабынан мындай адамдар саясатка келбесе анда эмне өзгөрөт?

- Бул - биз дайыма кайрылуучу суроолордун бири. Барыбир жашоонуу өзгөртүш керек. Ар бир жаран кандай шартта жашап жаткандыгы жөнүндө ойлонушу зарыл. Жашообузда анчалык деле жакшы эмес шарттар түзулгөн. Эгерде маанай көтөрө турган жашообузда күн сайын жакшы окуялар болбогондо, жашоо ушундай экен деп жүрө берсек керек эле. Буга мисалдар толтура…

Ошол эле жакынкы Сингапур менен Дубай мурда чоң кыштак сыяктуу болгон. Эмне себептен бизде баары мурда кандай болсо? азыр да ошол бойдон. Өзүнчө эле суролоор пайда болот? Маселе эмнеде? Биздин балким алардан айырмабыз чоңдур. Же бир бармагыбыз ашыкча же бир көзүбүз кемби? Жок андай эмес. Биздин Америкалыктардан физиологиялык өзгөчөлүгүбүз анча деле айырмаланбайт баары бирдей. Биз алар сыяктуу эле тамактанганды, эс алганды жакшы унаада жүрүүнү калайбыз. Биз алардан эч кем эмеспиз. Алар сыяктуу эле мүмкунчүлуктөр бизде да бар. Алардын эң негизги ийгилиги туура мамлекеттик башкарууда.

Акыркы 6-7 жылда мен ар кандай коомдук жараяндарга активдүү катышып мамлекет башчылардын кайсы бир окуяга карата туура же туура эмес чечим кабыл алуусуна күбө болдум. Баардык чечимдерди өзүмдөн өткөрдүм. Мен бир окуяга карата пикир же сын айтсам жанымдагылар, тааныштарым «эгерде сен өзүң ушундай эле акылдуу болсоң өзүң саясатка келбейсиңби»? - дешчү. Бир чөйрөдө жургөн санаалаш пикирлештер менен кеңешип чечим кабыл алдык. Чын эле сүйлөй бербей эмне үчүн аракет кылбайбыз деп ойлодук. Балким биз дагы кеменин башкаруусун колго алып толкунга каршы сүзүүгө барсакбы деп ойлоп жатабыз!

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020