26 августа 2015, 09:06

Бажы кызматы: Бажы төлөмү ЕАЭБке кирген өлкөлөрдө бирдей болгондуктан салыкты өзгөртүү оңой эмес

Бажы төлөмү ЕАЭБке кирген өлкөлөрдүн бардыгында бирдей болгондуктан бажы салыгын өзгөртүү оңой эмес. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бажы төлөмдөр башкармалыгынын начальнигинин орун басары Жайлообек Өмүрзаков билдирди.
Анын айтымында, биримдикке киргенге чейин 2012-жылдары эле КРнын Экономика министрлигинин өкүлдөрү төлөм тууралуу талкууларды жүргүзүп бир пикирге келишкен. Учурда ЕАЭБдин алкагында бажы төлөмдөрү киргизилип, ар кандай унааларга ар түрдүү салык киргизилген.
“Бажы кызматы аткаруучу орган болгондуктан бажы төлөмүн арзандатып бергиле деген ишкерлердин суранычына жооп бере албайбыз. Бул суроого Экономика министрлиги жооп берет”,-дейт Ж.Өмүрзаков. Экономика министрлигине кайрылганыбызда аталган министрликтиктин тиешелүү адистери иш боюнча алыс жакта болгондуктан жооп ала алган жокпуз.
Эскерте кетсек, айрым маалымат булактарында бажы кызматы Кыргызстандын ЕАЭБге киришине байланыштуу оор унааларга бажы төлөмүн эки эсе көбөйткөндүктөн оор унаа ташыган ишкерлер өкмөткө кайрылып, жаңы бажы төлөмүн алып турууну суранышкан.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020