26 августа 2015, 09:12

Парламенттик шайлоого 14 партия ат салышат

Парламенттик шайлоого 14 саясий партия ат салышат. Бул тууралуу, кечээ,  БШКнын жетекчиси Туйгуналы Абдраимов маалымат жыйында билдирди.
Борбордук шайлоо комиссиясы 25-августтан 4-сентябрга чейин арыздардын туура толтурулушун жана тизмелерди текшерет.
"Шайлоого катышуу үчүн арыз берген 34 партиянын жыйырмасы шайлоого катышуудан баш тартты", — деп билдирет БШК.
Каттоого алынган партиялар:
"Ата Мекен";
"Ар-Намыс";
"Азаттык" Демократиялык партиясы
"Бүтүн Кыргызстан – Эмгек";
"Кыргызстан";
"Бир Бол";
"КСДП";
"Өнүгүү-Прогресс";
"Замандаш";
"Мекен Ынтымагы";
"Республика Ата Журт";
"Улуу Кыргызстан"
"Аалам – партиясыздардын партиясы";
"Кыргызстан элдеринин конгресси"
Жогорку Кеңешке шайлоо 2015-жылдын 4-октябрында өтөт. Кыргызстанда парламенттик шайлоо ушуну менен экинчи жолу өтүп жатат. 2010-жылы Кыргызстан парламенттик системаны тандап алып, биринчи жолу шайлоо өткөн.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020