26 августа 2015, 09:18

Т.Абдраимов: Кыргызстандын тарыхында мындай сапатсыз түзүлгөн тизме болгон эмес

Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу шайлоо сапаттуу тизме менен өтөрүн белгилесе, бул тизме мамлекеттин тарыхындагы эң сапатсыз тизме болгонун БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Мамлекеттик каттоо кызматынын тизменин деңгээли тууралуу айтканы чындыктан өтө эле алыс.

"Мисалы, "Акжар" жаңы конушунда биометрикалык маалыматын 14 миң шайлоочу тапшырган. Учурда ал шайлоочулардын республиканын аймактарында экени анык болду", — дейт төрага.

Абдраимов Бишкекте биометрикалык маалымат тапшырган 200 миң шайлоочу мамлекеттин ар кайсы булуң-бурчунда жүргөнүн, аларды бир шайлоо участкасына байлоо мүмкүн эмес экенин кошумчалады.

Парламенттик шайлоо 2015-жылдын 4-октябрына белгиленген. Мындан бир жыл мурун башталган биометрикалык маалымат чогултуу жараяны 19-сентябрда аяктайт. Буга чейин МКК төрайымы Алина Шаикова 20-сентябрга чейин биометрикалык маалымат тапшырбаган жаран шайлоого катыша албай турганын, анткени анын аты-жөнү тизмеде болбой турганын өкмөт жыйынында маалымдаган. 

Талапка ылайык, 16 жаштан жогору болгон бардык жарандар бармак издерин, санарип сүрөтүн жана электрондук кол тамгасын тапшырууга милдеттүү. Жалпысынан Кыргызстан боюнча 3 миллион 641 киши жеке маалыматтарын тапшыруусу керек деп болжонууда.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020