26 августа 2015, 12:09

Аксакалдар “Ата-Мекенге” нааразы. Текебаев өзү жазган мыйзамын өзү тебелеп атабы?

«Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин шайлоо алдындагы жасаган кадамдары коомчулуктун кызуу талаш-тартышына жем таштады. Мурдагы каршылаштарын да катарына киргизип, тизменин алдыңкы сабынан орун берип атканы, бир убактагы коррупцияга каршы күрөшүп келген Аида Салянованы ал кылмыш ишин ачкан Мелис Мырзакматовдон кийинки орунга катарлаш койгону да көп сөз болду. Албетте, Текебаевди «тактикасы күчтүү саясатчы, мунун баарын эсептеп жасап атат» деп мактагандар да бар.

Бирок, коомчулуктун басымдуу бөлүгү Текебаев мырзага нааразы. Төмөндө биз белгилүү аксакалдарыбыздын пикирлерин чагылдырабыз. 

  1. “Ата-Мекен” партиясы бакиевчилер жана соттолгондорду тизмесинин алдыңкы сабына кошуп коомчулуктун кыжырын келтирүүдө. Аксакал катары мындай көрүнүшкө кандай баа берет элеңиз?
  2. Текебаевдин шайлоого карата жүргүзүп аткан аракеттерин көрүп турасыз. Сиз бул саясатчыга кандай кеңеш берет элеңиз?

 

Сыргак Сооронкулов, санжырачы: “Аны Чыңгыз хандын заманындагы  Тарио хандын образына салыштырып айтса болот ”

1. Мен Өмүрбек Текебаев Аскар Акаев менен тирешип, бир канча чындыкты айтып, бийликке жаман көрүнүп алганда, чын эле аны элдин таламын талашып жатат деп ойлочумун. Көрсө чындыгында Текебаев элдин таламын талашпаптыр. Аны бүгүнкү күндө көрүп жатабыз.

Акыркы күндөрү Текебаев колунан эмне келсе баш-аламан кылып, бийликке жетүүнүн амалын гана ойлоп калганын көрүп жатабыз. Аны Чыңгыз хандын заманындагы  Тарио Хандын образына салыштырып айтса болот. “Таштабастарды таштап, таштай тургандардан кутулбадым” деген сөзү дал келет. Текебаев жанындагы ишеничтүү кишилеринен кол үзүп, каршылаштары менен баш кошуп алды. Ал албетте жакшылык алып келбейт.

Текебаевдин өзү жазган мыйзамын өзү тебелеп, канча жолу бурмалоого аракет жасады. Элден уялганынан унчукпай отурат. Эми мына Мелис Мырзакматов деген жигит менен шайлоого барууну көздөп чыкты. Угушумча ал жигиттин артында бир топ бүтө элек иштери турат.

Анын таламын талашып эл арасынан кадыр топтойм деген Өмүрбек мырза бир канча тарапташтарын иренжитип алды көрүнөт. Биздин салтыбызда болгон эч убакта көз карашы бир эмес, башчылар элди бир жакка жетелей албайт. Башчылар канчалык эки ача ойлонсо элдер да ошончого бөлүнүп элдин ынтымагы качат. Текебаев элди салттын негизинде алдыга сүйрөбөй батышчыл саясатчылардын башчысына айланды. Бизге мындай түшунүктөр жат. Ошондуктан нукура түшунүктөгү жигиттерибиз гана элди кыйынчылыктан сактай алат.

2. Текебаев канткен менен эл арасында айтылып жүргөн чоң саясатчылардын бири. Ал бизге эч кандай либералдык түшүнүктөрдү таңуулай бербей, тарыхыбызды жакшылап түшүнсүн демекмин. Түшүнө албаса анда азыркы саясатчылардын башына вирус кирип кеткен. Кайдагы демократия дей берет. Демократия деген кыргыздарда илгертеден эле калыптанган.

Кыргыздарда талашып-тартышпай, чабышып-тытышпай, улуусунун сөзүн кичүүсү угуп, бири-бирин сыйлоо касиети жогору эле. Ошону билиш керек. Бай менен кедейдин, кожоюн менен малайдын табагы бирөө эле болчу.

Бир казанда бышкан тамак баарына тегиз тартылчу. Эч ким ачка калчу эмес. Бири-бирине камкор, сыйкор болчу кыргыз эли. Ар бир элдин жаман да, жакшы да жактары болот. Биздикилер башкалардын жаман жактарына көбүрөөк ыктап кетишти. Кыргыздын байыркы асыл нарк-насилине кайрылып келбесек болбойт.

 

Ашырбек Бакаев, коомдук ишмер:  “Текебаев Мырзакматовду тизмеде калтыргысы келет бирок, ага мыйзам жол бербейт”

1. Чындыгында Текебаевди Бакиевчилер менен биригип жатат деген сөз бар. Эл оозунда элек жок деп коөт. Бакиевчилер менен бириккени бир чети туура эмес. Анткени, дал ушул Текебаев баштаган саясатчылар Бакиевге каршы чыгып кетирбеди беле. Ал эми соттолгон адамдарды тизмесине кошкону менен БШК аны каттай албайт. Анткени мыйзамда соттолгон жаран депутат боло албайт деп турбайбы. Канчалык көкбеттенгени менен мыйзамды тебелей албайт да.

Албетте, Текебаев Мырзакматовду тизмеде калтыргысы келет. Бирок, ага мыйзам жол бербейт. Өздөрү мыйзамды сыйлабаса, анда алар кантип мыйзам чыгаруучулар болот?  

 

2. Текебаев эле эмес бардык партиянын жетекчилерине кандай максат кылса да ага мыйзам чегинде жетүүсүн каалайт элем. Текебаев деле кыргыз элин, мамлекетти сыйлап өзүнүн эле оюн таңуулай бербеши керек. Минте берсе кантип адилеттүү шайлоо өтсүн? Таза шайлоодон баарыбыз утабыз.

Элдин тынчтыгын жана мамлекеттин келечегин ойлосок.

 

 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020