26 августа 2015, 12:19

МКК: “Биз БШК төрагасынын шайлоочулардын тизмеси тууралуу айткандарына комментарий бербейбиз”

КРнын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимовдун шайлоочулардын тизмеси начар даярдалгандыгы тууралуу айыптоосуна жооп бере албайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик каттоо кызматынын коомчулук жана ММК менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Чынара Усупбаева билдирди.

“Биз БШКнын төрагасы Т. Абдраимовдун шайлоочулардын тизмеси сапатсыз даярдалгандыгы тууралуу билдирүүсүнө эч кандай комментарий же жооп бербейбиз. Анткени, жетекчилик БШК менен карама-каршылыкка барууну каалабайт”,- деди ал.

Кечээ, 25-августта болгон басма сөз жыйынында Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов Мамлекеттик каттоо кызматынын Кыргызстандын жарандарынын биометрикалык маалыматын топтоо боюнча ишин сынга алган.

"Мамлекеттик каттоо кызматынын адистери шайлоочулардын биометрикалык маалыматы боюнча тизмени берүүдө ката кетиришкен. Алардын тизмесине Бишкек боюнча 200 миң шайлоочу киргизилген, бирок мындай маалымат туура эмес. Мындай сапатсыз тизме Кыргызстандын тарыхында болгон эмес",- деп айткан.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020