26 августа 2015, 13:18

«Ата-Мекен» партиясы кадырын кантип кетирүүдө?

Шайлоо жакындап, саясый партиялардын эл элегине салынуучу мезгилине аз гана убакыт калды. Коомчулукта азыркы тапта «Сиз кайсыл партияны колдойсуз?» деген суроо өтө актуалдуу болуп турат. Андыктан биз шайлоого аттанган партиялардын ар бирине коомубуздагы карапайым жарандардын пикирин угуп көрүүнү эп көрдүк. Бу саам «Ата-Мекен» партиясы электе.

 

Жанат Сагындыкова, жеке ишкер: “Ата-Мекен” партиясынын жалпы эл арасында кадыр-баркы кетип калгандай болду”

-Азырынча кайсыл партияга добуш берүүнү так чече элекмин. Элге пайдасы тийген, убадага жана позициясына бекем партияга гана добуш берем деп турам. «Ата-Мекен” партиясы Акаев жана Бакиевдин убагында оппозиция болуп турганда эл арасында ишенимдүү эле. 2010-жылдан бери карай парламентте бир орчундуу маселени чечкенин көрбөдүм. Анын үстүнө “Ата-Мекен” партиясынын жалпы эл арасында кадыр-баркы кетип калгандай болду. Бул менин эле пикирим эмес, жалпы көпчүлүктүн пикири ушундай. Айрыкча “Өмүрбек мырза мамлекеттин башкы душманына айланган Бакиевдер менен жашыруун байланышып, алар аркылуу каржыланып жатат” деген пикирлер да эл арасында айтылып жатат.

Албетте, мунун чын-бышыгын тактоо керек. Бирок анын кимдер менен биригип атканы эле көп нерсени каңкуулайт.

 

Таалайбек Окунбеков, ишкер:” Бул партия эч кандай иш жасаган жок”

- “Ата-Мекен” партиясы колунан келгенин жасап, эптеп эле шайлоодо добушка ээ болуп, парламенттин келерки чакырылышына кошулуп калайын деп иштеп жатканы көрүнүп эле турат.  Мен жеке өзүм “Ата-Мекен” партиясын колдобойм. Анткени бул партия эч кандай иш жасаган жок. Шайлоонун алдынан эле адаттарынча чуркашып калат. Болбосо парламентте отурган 2010-жылдан берки убакытта бир топ маселелерди чечип коюшса болмок.

“Кумтөр” маселесин эле алалы, бул маселени Садыр Жапаров көтөрүп, сот жообуна тартылып жүргөндө да Текебаев колдоп койгон эмес. Кийин шайлоо жакындап калганда гана “Кумтөр” деп кыйкырып калды. Анан дагы бул партиянын катарында мен сыйлаган жаш депутат Бактыбек Калмаматов бар болчу. Ал өз партиясынын атын жакшы жагынан тааныткан жаш кадр деп эсептейм. Текебаев үчүн жакшы эле кызмат кылды. Бирок, ошондой чыныгы мекенчил, иштерман жаштарды катарынан чыгарып, ордуна Мырзакматовдой болуп соттолгон адамдарды кошуп алганы жийиркеничти пайда кылды. Анан кантип бул партияга добуш беребиз?

 

Бактыгүл Бакытбек кызы, студент: ““Ата-Мекен” принцибинен, позициясынан тайып калпыс кадам жасады”

-Мен “Ата-Мекенди” колдобойм. Ачыгын айтканда буга чейин бул партия тууралуу оюм жакшы эле болчу. Бирок, акыркы айларда оюм кескин өзгөрдү. Алсак, азыр алардын катарында Мелис Мырзакматов бар. Анан дагы Аида Салянова бар. Бул экөөнүн бир партияда болушу акылга сыйбаган көрүнүш болсо керек. Себеби убагында Салянова Мырзакматовго карата коррупция беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Текебаев болсо Мырзакматовго карата саясый куугунтук болуп атат деп атат. Ошондо булардын бир кемеде болушу күмөндүү ойлорду жаратып жатпайбы? Бири-бирине таптакыр көз караштары туура келбейт. Анан өздөрүнүн көз караштары ар тараптуу болсо, алардан кандай натыйалуу ишти күтсө болот?

 

Тамила Маматова, ишкер: “Текебаев Оштон көп кол чогултам деп ойлосо керек”

-“Ата-Мекен” партиясы элдин таламын талашпай эле, кантип бийликке жетсем деп чуркап жүрөт. Алар канчалык жүгүрсө да эл шайлабаса, колдорунан эч нерсе келбейт го. “Ата-Мекен” партиясынын тарыхында биринчи жолу алар өз баркын өздөрү түшүрүп алды.

Азыркы тапта алар эч кандай элдин тагдырын ойлоп иш кылган жок. Мелис Мырзакматов менен Өмүрбек Текебаевдин бир кайыкта болуп калары эч кимдин оюна келген эмес. Бирок алар шайлоо алдында биригип алышты. Бул оюн менен Текебаев Оштон көп кол чогултам деп ойлосо керек. Ошол эле учурда Текебаев бул кадамдары менен “Ата-Мекен” партиясына болгон көпчүлүк колдоочуларынан айрылды.

 

Сталбек Абдыжалилов, жеке ишмер: “Бул партияны жылдызы өчүп бара жаткан партия десек болот”

-“Ата-Мекен” партиясы жылдызы өчүп бара жаткан партия десек болот. Чындыгында Текебаевдин саясый ишмердүүлүгүн колдогондор арбын болчу. Бирок ошол эле учурда Мырзакматовдун өзүм билемдик саясатын жактырбагандар көп болчу. Ток этер жерин айтсак азыркы тапта Текебаевди колдоп келгендер Мырзакматов менен биригип алгандан соң эмне кыларын билбей турушат. Менин жеке оюмда аталган партия Мырзакматовду кошпогондо алдаканча көбүрөөк добушка ээ болмок.

 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020