26 августа 2015, 15:54

А.Атамбаев: “Ар бир баланын келечеги көбүнесе мектептеги мугалимине байланыштуу болот”

Ар бир баланын келечеги көбүнесе мектептеги мугалимине, ал эми өлкөнүн келечеги  балдарыбыз кандай болуп өскөндүгүнө байланыштуу болот. Бул тууралуу, Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 26-августта Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин III съездинде сөз сүйлөп жатып билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө өлкө башчы жалпы съезддин делегаттары куттуктап, республикабыздын жогорку окуу жайларында педагогикалык адистикке ээ болуу менен Кыргызстандын мектептеринде иштегенге багыттама алган мыкты бүтүрүүчүлөргө  50 000 (элүү миң) сомдук  сертификаттарды тапшырды.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020