26 августа 2015, 16:37

Кыргызстанда шайлоочулардын тизмеси 2 521 503 экендиги такталды

25-августта КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссияга 71 345 жарандан турган шайлоочулардын кошумча тизмесин берди. Мындан мурда да, 15-августта шайлоочулардын алгачкы тизмесин тактап, 2 417 407 жарандын, 23-августта такталган 33 182 жарандын тизмесин берген болчу. Тактоо иштеринин жүрүшүндө так дареги жок 2 579 жаран аныкталып, каза болгон 3010 шайлоочу тизмеден өчүрүлгөн. Ошентип бүгүнкү күндө шайлоочулардын жалпы тизмеси 2 521 503 жаранды түзөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине МККнын маалымат кызматынын бөлүм башчысы Чынара Усупбаева билдирди.

КРнын Конституциясынын шайлоолор тууралуу тиешелүү мыйзамдарына ылайык, шайлоочулардын тизмесин тактоону Мамлекеттик каттоо кызматы  жүргүзөт.

Быйыл 4-октябрда инновациялык технологияларды колдонуу менен болуучу парламенттик шайлоо КРнын биометрикалык каттоодон өткөн жарандары гана катыша алышат. Биометрикалык каттоо шайлоонун таза, калыс, адилет өтүшүн камсыздаган негизги шарт болуп саналат. Анда бир ирет добуш берген шайлоочунун экинчи ирет кирүүсүнө жол берилбейт.

Учурда Мамлекеттик каттоо кызматы Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссия менен биргеликте биометрикалык маалыматтардын негизинде шайлоочулардын тизмесин тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Кечээ, 25-августта БШКнын төрагасы Т. Абдраимов шайлоочулардын тизмеси так болбогондугу жана сапатсыз даярдалгандыгы үчүн МККнын жетекчилигин сындаган болчу.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020