27 августа 2015, 10:44

Бишкек шаардык сотунун судьясы Абдрахманованын ыйгарым укуктары токтотулду

Президент Алмазбек Атамбаев Бишкек шаардык сотунун судьясы Күлүмжан Абдрахманованын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө жарлыкка кол койду.

Маалымдалгандай, аталган судьянын ыйгарым укуктары жаш курагынын чегине жеткенине байланыштуу «КР судьясынын статусу жөнүндө»мыйзамга ылайык жана КРнын соттор кеңешинин сунушу боюнча токтотулат.

К.Абдрахманова 2015-жылдын 27-июлунан бери Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп келген.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020