27 августа 2015, 11:07

Акаев Президенттин басма сөз-катчысы кызматынан кетти

Президенттин маалымат катчысы Жанар Акаев кызматтан кетүү тууралуу өз арызын жазды.

Ал өзүнүн мындай кадамын парламенттик шайлоого катышып жаткандыгы менен түшүндүрдү.

Эске сала кетсек, Жанар Акаев Президенттин пресс-катчысы кызматына 2015-жылдын, 2-февралында дайындалган. 

Ж.Акаев алдыдагы парламенттик шайлоого "КСДП" партиясы менен барат. 

Акаев партиянын катарында 7-тизмеде турат.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020