27 августа 2015, 12:03

А.Атамбаев 46 студентке президенттик стипендия тапшырды

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өлкөнүн жогорку окуу жайларында окуган 46 студентке салтанаттуу түрдө президенттик стипендия тапшырды.

“Бүгүн бул жерде сиздерди көрүп турганыма абдан кубанычтамын. Сиздер Кыргызстандын 52 ЖОЖунда окуган 200 миңге жакын студенттен айырмаланып мыкты болдуңуздар. Бул өтө чоң жетишкендик, мен сиздерди чын дилимден куттуктайм! Баарыңыздарга ийгилик жана бакыт каалайм. Жакшы, күчтүү жана ийгиликтүү адискөйлөрдөн болуңуздар. Сиздер Кыргызстандын келечегисиздер. Кудай буйруса өлкө алдыга ишенимдүү кадам таштап, өнүгүп жатат”,-деди А.Атамбаев.

Ошондой эле, Президент жыл сайын билим берүүгө млрддаган каражаттар, башкача айтканда мамлекеттик бюджеттин 23%дан көбү бөлүнүп жатат деп белгиледи. “Башка өлкөлөр буга таң калып жатышат. Бирок, бул биздин өлкөнүн келечегине болгон инвестиция, мунун баары кайтарылат деп ишенем”,-деди мамлекет башчысы.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020