27 августа 2015, 12:10

Эгемендик күнүн майрамдоону утурлай ИИМ кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштейт

Эгемендик күнүн майрамдоо учурунда ИИМ кызматкерлери Кыргызстандын бардык жерлерде өтүп жаткан майрамдык иш чаралардын коопсуздугуна көз салып турат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн жыйында ички иштер министринин орун басары, генерал Курсан Асанов билдирди.

“Бул үчүн атайын штаб түзүлүп, ага жетекчилик кылуу ИИМ министринин орун басарына жүктөлгөн. Ага ылайык ИИМ кызматкерлери 29-31-август күндөрү күчөтүлгөн режимде иштейт. Ал эми Бишкек шаарындагы тартиптин сакталышына 5 миңге жакын милиция кызматкери көз салат. Элдер атайын коюлган көзөмөлдөн өткөрүлүп, ар кандай күтүүсүз нерселер же жаракат алуулар болуп кетпеши үчүн өтүп жатканда металл детекторлору менен текшерилет. Ошондой эле жалпы кырдаалга көз салынып турат. Биздин максат майрам күндөрүндө борборубуз Бишкекте, Кыргызстандын булуң-бурчунда жалпы коопсуздукту камсыз кылуу. Ошондуктан, коомчулуктан биздин аракетибизге түшүнүү менен мамиле кылуусун өтүнөбүз”,-деди ал.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020