27 августа 2015, 12:36

Марс Сариев, саясат таануучу: «Республика – Ата Журттан» убадалар бериле берет, бирок аткарылбайт…»

- Марс мырза, “Республика АтаЖурт” партиясы өздөрүнүн программасын жарыя кылды. Анда карапайым элдин кулагына жагымдуу угула турган бир катар “ширин” убадалар бар экен. Адегенде бул партиянын төмөндөгү лозунгу тууралуу оюңузду уксак: “Биз биздин өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн, биздин балдардын келечеги үчүн бириктик” деп жазылат анда. Сиз кандай ойлойсуз, Ө.Бабанов менен К.Ташиев чын эле ушундай максатта бириктиби?

Негизи саясатчылардын стратегиясы өзү ушундай. Алар өздөрүнүн алдына койгон максаттарына жетиш үчүн ушул сыяктуу лозунгдарды пайдалана беришет. Мындан да укмуштуудай кулакка жагымдуу лозунгдарды ойлоп табышат. Бирок, алардын бир гана максаты бар. Ал – бийликке келүү.

Демек, Бабанов менен Ташиев жогоруда өздөрү айткандай максат үчүн эмес, бийликке келүү үчүн бирикти десек туура болот. Бул бир гана экөөнө тиешелүү эмес. Бардык эле биригип аткан саясатчыларга, партияларга тиешелүү.

- Социалдык-экономикалык реформаларды жүргүзүүнүн жыйынтыгында жаңы жумушчу орундары, жетишээрлик айлык акылар жана сырткы миграциянын төмөндөшү болушу керек дейт партиянын программасында. Эгерде учурда бир партияга айланган мурдагы эки партиянын 2010-жылдагы берген убадаларын эске алсак, азыркы убадаларына ишене берсек болобу?

Кыргызстанда партиялык курулуш али бүтө элек. Азыркы биздеги партиялар бул – классикалык партиялар эмес, квази партиялар. Эгерде биздин тил менен түшүнүк бере турган болсок – курулуп бүтө элек партиялар. Андыктан алар азыр берген убадаларын аткара албайт. Мындай убадаларды аткаруу үчүн системалык реформа керек. Ал эми андай системалык реформаны жүргүзүү мындай партиялардын мээсине да келбейт. Себеби кызыкчылык башка жакта. Өзүңүз айткандай эле аталган партия 2010-жылы деле толтура убадаларды берген. Анын баары карапайым элге жаккан да. Бирок, ал аткарылдыбы? Көбү аткарылган жок.

Демек, суроого жоопту ушул тажрыйбадан деле алсак болот.

-  “Республика – Ата Журттун” программасында “Биздеги өнөр-жайдын 40%ын “Кумтөр” түзөт. Демек бизде өнөр-жай жок. Биз жакынкы 5-7 жылдын ичинде КР экономикасынын структурасын диверсификациялоону камсыз кылабыз жана “Кумтөрдөн”, алтындын дүйнөлүк баасынан көз каранды болууну төмөндөтөбүз” деген убадага кандай карайсыз?

Албетте, учурда кыргыз экономикасында “Кумтөрдүн” орду чоң болуп атканын бардыгыбыз билебиз. Башка жарытаарлык өндүрүшүбүз дагы жок. Анан албетте жумушчу орундарын көбөйтөбүз, жетишээрлик айлык акы беребиз деген убадалар кимге жакпайт? Баарыбызга жагат. Бул жаңылык деле эмес. Андай убадалардын берилип атканына көп болду. Бирок бирөө дагы кандай жол менен жумушчу орундарын көбөйтөөрүбүздү, кантип айлык акыны жогорулатарыбызды айтыша элек.

Жалпы жонунан убада берип коюу оңой, бирок анын иштөө механизмдерин иштеп чыгуу олуттуу иш. Эгерде ошондой аткарылуу механизмдери менен кошо айтып чыгышса анда жакшы болмок.

- “Биз өнөр-жай жерлерин жана коммуникацияга кирүүгө мүмкүнчүлүктү бекер беребиз жана региондордогу жаңы өнөр-жай өндүрүштөрүн 10 жылга салыктан бошотобуз” деген убадасы Бабановдун 2010-жылда берип, бирок жүзөгө ашпай калган убадаларына окшошуп аткан жокпу?

Ошондой эле сезилет. Мен жогоруда айтканымдай эле мындай убадалар бериле берет. Бирок, анын баары аткарылышы чоң күмөн жаратат. “Дыйкандарга 7%дык кредит, электр энергиясын өз баасында берүү” сыяктуу убадалар деле калып кетпедиби.

- Бул мурдагы эки партиянын лидерлери башында турган “Республика – Ата Журт” партиясы элдин ишенимине кириш үчүн адегенде кандай иштерди жасашса туура болмок?

- Эми азыр алдыдагы шайлоого карата айта турган болсок кеч болуп калды. Эл жердешчилик менен гана шайлоого чыгат. Таластан Бабанов, Жалал-Абаддан Ташиев добуш алганга аракет жасайт. Азыр элдин басымдуу бөлүгү партияларга ишенбейт. Анткени эл да саясатты түшүнүп калды.

Элдин ишенимине толук кандуу кириш үчүн лидер болом дегендер шайлоо маалында гана эмес, башка учурларда да жалпы мамлекеттик деңгээлдеги маселелерди чечүүнүн үстүндө иштешсе туура болот. 

 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020