27 августа 2015, 13:36

КРдин өтүнүчү боюнча Centerraнын экс- башкы директору кайрадан кармалды

Кыргызстандын өтүнүчү боюнча Интерпол Centerra Gold компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсүн кайрадан кармады. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта "ВБ" булагы өкмөттөгү ишеничтүү булактарына таянып жазат.

Маалыматка ылайык, кармалган Канаданын жараны Леонардо Хоменюк "Кумтөр" маселеси боюнча эл аралык издөөгө алынган.

Өз кезегинде "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын басма сөз кызматы, алар мындай маалымат менен тааныш эмес экендигин билдирди.

Ал эми Башкы прокуратура маселе боюнча кийинчерээк маалымат бере тургандыгын айтты.

Эскерте кетсек, Хоменюк биринчи жолу эле кармалып жаткан жок. Бир ай мурун Кыргызстандын укук коргоочулары Кыргызстандын Интерполго жөнөткөн суроо-талабы боюнча Хоменюк Болгария бийлиги тарабынан Софияда кармалгандыгын маалымдаган.

Бир нече күн өткөндөн кийин Башкы прокуратура аны Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча Болгария бийлигине кат жолдогон.

Ал убакыт аралыгында мурдагы президентинин камакка алынуусу боюнча Centerra тынчсыздануусун билдирген. Кийинчерээк, айрым маалыматтар боюнча 11 күндөн кийин Хоменюк бошотулган.

Буга чейин Башкы прокуратура ага Кумтөр кенин иштетүүдө 1992-жылдан 2009-жылга чейинки түзүлгөн келишимдеги коррупциялык иштерге байланыштуу кылмыш ишин козгогон.

Маалыматка ылайык, Cameco корпорациясы жана "Кумтөр" долбоору боюнча компаниялар менен түзүлгөн келишимде Кыргызстандын жогорку бийлик бутактарындагы адамдары жана чет мамлекеттик юридикалык жактар тарабынан коррупциялык иштер жасалып, макулдашууда мамлекеттин кызыкчылыгы каралган эмес.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020